Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ( | Newskg24
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) балдар иштери боюнча инспекторлору бассейндерди текшерүү боюнча рейд уюштурушту.
Профилактикалык иш-чаралардын негизги максаты жашы жете элек өспүрүмдөрдүн суудагы кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.
Суу объектилерин кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлери бассейндердин администраторлору, ошондой эле чоңдорсуз көлмөдө жүргөн өспүрүмдөр менен сүйлөшкөн.