Get Mystery Box with random crypto!

Нарында аткаминерлер аткарылбаган иштер үчүн 20 миллион сомдон | Newskg24

Нарында аткаминерлер аткарылбаган иштер үчүн 20 миллион сомдон ашык акча төлөшкөн.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Нарын районунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан Казыбек айылындагы бала бакчанын курулушунда жана Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында таза суу түтүктөрүн реабилитациялоодо «тиешелүү талаптарга жооп бербестен иш процессине контролдук кылуу» боюнча аткарылбаган иштер учун мыйзамсыз акча которгон.

Мекеменин маалыматы боюнча, мамлекетке 21 миллион 801 миң 901 сом зыян келтирилген.
«Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

@newskg24