Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады | Newskg24
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады
"Ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат. Ошол үчүн "Аялзат — турмуш туткасы, коом күзгүсү" деп бекеринен айтылбаган чыгар.
Буюрса, жакын арада, 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.
Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым!", — деп жазылат президенттин куттуктоосунда.
Кыргызстанда "Энелер күнү" майдын үчүнчү жекшембисинде белниленип келет.