Get Mystery Box with random crypto!

Ясунари КАВАБАТА КАНАРЕЙКАЛАР «Жаным! Сага кат жазбайм деген | КЫСКА-НУСКА

Ясунари КАВАБАТА

КАНАРЕЙКАЛАР

«Жаным! Сага кат жазбайм деген убадамды бузууга аргасызмын. Бирок сага мындан башка кат жазбаймын. Анткеним, сен мага өткөн жылы белекке берген канарейкаларды багалбай калганымды айтайын дедим. Бул күнгө чейин аларды келинчегим багып келди. Мен анын чымчыктар менен кантип алектенерин карап олтуруп, сени дамамат эстечүмүн…

Сенин колуктуң, а менин күйөөм бар, ошон үчүн мамилебизди токтотолу. Эгер аялың болбосо, анда... - дегениң эсиңдедир. Дагы ар нерсени айткансың... Анан мага эки канарейканы белекке тартуулап, аларды – жаншериктер дегенсиң. Саятчы[1] бир эркек, бир ургаачысын кармаптыр да, экөөнү бир торго чогуу камап көндүрүптүр.

Чымчыктар болсо экөө бирге болуп калышарын эч качан ойлоруна албаган. Аларды көргөндө, мени эстей жүр дегенсиң. Чымчык тартуулоо – жок жосундай көрүнөр, арийне ал, экөөбүз жөнүндө эстутум эмеспи. Бир күнү алар да өлөт. Кези келгенде биздин да эстутумдар так ошентип өчсүн дегениң жадымда.

Эми карасам, бул канарейкалар жакында өлчүдөй. Анткени аларды багып жүргөн адам акка өзү моюн сунбадыбы. Өзүң билесиң – мен кембагал, шалаакы бир сүрөтчүмүн. Бапестеп багуунун кыныгын алган чымчыктарды асырай алат белем. Сөздүн ток этер жерин айтсам мындай: колуктум өлүп тынды, эми канарейкалар да аркасынан кетчүдөй. Азыр баамдасам, колуктум болгон үчүн да сен тууралуу эсим эсен турбайбы.

Канарейкаларды эркиндикке бошотсомбу деген ой келди, бирок келинчегимдин өлүмүнөн кийин алар да алсырап калышкансыйт. Анан да алар кең асман эмне – билишпейт. А жакынкы токойдо канарейка аттуу канаттуулар да жашабайт, дегеле алардын бара турган жайы жок. Сен мага саятчы бир эркек, бир ургаачысын кармап, экөөнү бир торго чогуу камап көндүрүптүр дегениң менен, агер экөө бири-биринен ажырай турган болсо, алар өз өзүнчө өлүп тынышар.

Дүкөнгө сатып ийсемчи? Жок, андайга баргым келбейт. Анткени алар сенин тартууң эмеспи. Сага кайтарсамчы? Бу да эп эмес. Аларды келинчегим багып жүргөндүктөн, сен аны балким, таптакыр унуткандырсың. Сага алар артыкча жүк болор.

Дагы бир жолу айтаарым: келинчегим тирүү кезинде – чымчыктардын жашоосу уланчу. Канарейкалар канча жолу сени эсиме салып турбасын, бирок кандай болгон күндө да алар деле колуктумдун аркасынан одүйнө узашы керек деген ойдомун. Кеп, эскерүүдө гана эмес да. Эмне үчүн биз бири-бирибизди сүйүп калдык экен? Себеби менин келинчегим бар болчу да. Күнүмдүк көртирликтин баардык жүгү келинчегимдин гана мойнунда болгондуктан, мен өзүмчүл болуп калыптырмын. Эгер мен бул кадамга барбасам, сенин алдыңда көзүм тайсалдап кала турганмын.

Андыктан сага бир өтүнүч менен кайрылганымдын жөнү – аларды өлтүрүп, жаншеригим менен кабырга бирге көмүп койсом болобу?»

Которгон Марат ТОКОЕВ

#карасөз

#котормо