Get Mystery Box with random crypto!

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак // Бир кезде New Ti | КЫСКА-НУСКА

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынак //

Бир кезде New Time журналы жарыялаган сынакты биз дагы жарыялап көрөлү деп чечтик. Ал сынакка катышкан айрым чыгармалардын котормолору менен биздин каналдан тааныша алдыңыздар (#55сөз хештеги менен белгиленгендер).

Сынактын шарттары:

- Сынактын аталышында эле айтылып тургандай, чыгарма 55 сөздөн турушу керек;

- Чыгармада сюжеттин тактыгы, каармандардын элестүү болушу жана чыгарманын күтүүсүз аякталышы зарыл.

- Сынакка 1 автордон 5тен гана  чыгарма кабыл алынат (5тен аз болушу мүмкүн, бирок 5тен ашпашы керек. 5тен көбүрөөк жиберип, “өзүңөр тандап алгылачы” дебегиле. Өзүңөр тандап жибергиле :-). Ар кимибиздин табитибиз ар башка, кийин таарыныч болбогондой болсун. Анан да бул тандоо аз болсо да кайсы бир убакыттыбызды алат).  

- Чыгармалардын авторлору көрсөтүлбөйт, анононимдүү жарыяланат. Ар бир чыгармага номур коюлат.

- Сынактын шарттарына туура келбеген чыгармалар жарыяланбайт!

Сынактын мөөнөтү:

4-июлдан 1-сентябрга чейин.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо:

Жеңүүчүлөрдү атайын жюринин курамы аныктайт. Ага таанымал, адабияттагы баамчылдыгы, калыстыгы менен белгилүү чыгармачыл адамдар киргизилет.

Сыйлыктар:

Сыйлыктар капчыгыбызга жараша дегендей…

3 жеңүүчүнүн ысымдары каналыбыздын АРДАК ТАКТАСЫНА жазылат.

Ошондой эле алардын сынакка катышкан чыгармалары жана да жюринин пикиринде мыкты деп табылган 20 чыгарма электрондук китепке киргизилет. Аталган китепти каалоочулар биздин каналдан жана https://elkitep.su/ сайтынан жүктөп алса болот. 

Эгер сынагыбызга демөөрчүлөр чыга турган болсо, биз ыраазы гана болобуз! Демөөрчүнүн ысымы сынакка катышкан ар бир чыгарманын алдында жазылып турат!

Чыгарманы жиберүү дареги:

Чыгармаларды jolkanaly@gmail.com почтасына “55 сөз сынагына” деген аталыш менен жибергиле. Катта аты-жөнүңөрдү, байланышуу маалыматтарын толук көрсөткүлө.

Сынактын жарыяланышына байланыштуу каналыбызда күнүнө жарыяланып турган чыгармалардын саны да өзгөрүшү ыктымал. Бирок да күнүнө 5тен ашырбаганга аракет кылабыз  

#сынак

#55сөз