Get Mystery Box with random crypto!

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ Бир айылда жашаган, биро | КЫСКА-НУСКА

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

БИРИ КЕМ ДҮЙНӨ

Бир айылда жашаган, бирок орун очогу эки башка эки келин арылгыс арманга малынды. Кырктын кырына жаңы келген, ак жуумал, узун бойлуусу бакырайган көздөрүн жашка толтуруп, ый аралаш көңүл айтып келгендерге сүйлөп жатты:

– Өлбөй эле тирүү жүрсөчү, байкушум. Мен анын бардык кылык-жоругуна чыдайт элем. Элчилеп келин-кызга барып, көзүмө үймөктөп чөп салса деле мейли эле, катын алса да мейли эле, тирүү эле жүрбөйбү. Жашай турган чагында жайрап калды, жок дегенде балдарынын биринин жакшылык күнүн көрсөчү, төрүндө чайын ичсечи… Өлөрүн билди бекен, же бир көңүлүмдү калтырсачы…

Экинчи келин эми гана элүү таяп, бирок сын келбети жарашкан, үйүн үй, жайын жай кылган, өзүн мыктылардын биримин деп эсептеген аялдардан эле. Ал да көңүлүн сурап келгендерге буркурап ыйлап жатты:

– Ушундан көрө өлүп эле калсачы, мени элге, журтка шерменде кылбай. Эл караган бетим жер карады, кызындай болгон немени да алабы. Анысынын заматта тууп салганын кантесиң, бети жок. Балдарды тирүү жетим кылды, үйдө эмне жетпеди эле бул аңгиге, жээрин жеп, ичээрин ичип жүрүп кутурган акмак, барып бетин тытып келбесем атым өчсүн, өлтүртүп салам, жашатпайм жарык дүйнөдө… Мен эми кантем карып карыга окшобой, же жаш болбосом. Ушинтип кара башым какшап калабы!..

Эки эркектин айынан бу эки зайып көп жылдар ыйлашты. Бирөө ыйлаган сайын өлгөн эринин кадырын көтөрдү. Жанда жок асылга айланты. Балдары атасы өлсө да анын атын сыймык менен эскерип жүрүштү. Тууган-уругу бул үйгө колдон келген жардамын аябай берип, колдоп келди. Убагында өз ишине берилип иштеп, үйбүлөсүн жанындай көрүп, кокус көзү өткөн эркектин сүрөтү ардакталып үйүнүн төрүндө илинип турду. Жубайы, бала-чакасы бул сүрөткө кудайындай сыйынып, коногун да ушул сүрөт алдында тосуп, эки сөзүнүн биринде аны эскерип, кийген кийимин көзүнө сүртүп, жыттап жүрүштү.

Өлгөн эркек денеси гана жок, өзү болсо бул үйдөгүлөргө аралашып, алардын жүрөгүндө, көңүлүндө түбөлүк калды.

Экинчи үйдө болсо энесинин ар бир ыйы балдарындагы атасына болгон көңүл калуучулукту ансайын күчөтүп отурду. Соодагер аялынын тапканын чачып, ичкенде ичип, иштегенде иштеп жүрүп, бир күн сүйүүгө кабылып калып, бала-чакасын таштап, кетип калган эркектин азан чакырып коюлган өз ысмы кеткен күнүнүн эртеси эле өчүп калды. Үйүндө чоңоюп калган балдары ага «Мажнун» деген атты коюшту.

Ал жөнүндөгү ар бир эскерүү ыза менен, жек көрүү менен коштолуп жатты. «Мажнун» атанын үйдөгү кийимдери байпагынан өйдө короого чыгарылып күйгүзүлдү. Ага тиешелүү буюм-тайымдын баары акыр-чикир салынчу жашикке ыргытылды. Сүрөттөрү тытылды. Бирге түшкөн сүрөттөрдөн анын сөлөкөтүн кесип салышты. Кыскасы, жыйырма жылдан ашуун бул үйдө эр, ата болуп келген эркекти биротоло жокко чыгаруу чабуулу катуу башталды.

Күйгөн көйнөктөр менен кошо, балдардын көкүрөгү да күйдү, тытылган сүрөттөр менен кошо алардын атага болгон мээр-акыбетинин да быт-чыты чыкты бейм. Балдар атасы жөнүндө кокус сөз болгондо жер тиктеген бойдон үн катышпайт. Алар ыйын, жоктоосун энесиндей болуп ыйлап чыгара алышпады, каргай алышпады, сөгө алышпады, ичинен сызышты. Кеткен эркектин тууган-уругу бул үйгө даап басып келе албай, балдар атасыз гана эмес, туугансыз да калышты.

#карасөз