Get Mystery Box with random crypto!

Биз бактылуу балалык Эстейличи биз бактылуу балалык, Эч кир о | Кыргыз акындарынын ыр саптары

Биз бактылуу балалык

Эстейличи биз бактылуу балалык,
Эч кир ойсуз,сүттөй аппак тазалык.
Күлкү,жыргал не бир гана оюндар,
Калып жатат жылдан жылга азайып.

Эстейличи эч ким үйдө камалбай,
Талаа,тоодо ойночу элек биз далай,
Жаз келгенде байчечекей терем деп,
Кыр бойлошо чуркачы элек алаңдай.

Ойночу элек жалбыракты акча деп,
Быша элек өрүк,алма,алча жеп.
Ар кай чөптөн кыздар тамак жасашып,
Балдар жасап ылай,кумдан бийик чеп.

Эстейличи жай келгенде жыргамай,
Мөмө бышып тыт,алманы ылгамай.
Күн ысыкта суудан чыкпай чардашып,
Жүрөөр элек сууда жашай тургандай.

Кеч киргенде коңшу колоң чогулуп,
Кырк каракчы,шакек салмай, жөө күлүк.
Хан таламай,тогуз коргоол,ордо ойноп,
Күлкү,шаңдар балдай ширин төгүлүп.

Карасаев Өмүрбек