Get Mystery Box with random crypto!

'АЯЛЗАТЫ КҮЧТҮҮ КАЛК' Азыркы жашап жаткан биздин заман, Эркек | Кыргыз акындарынын ыр саптары

"АЯЛЗАТЫ КҮЧТҮҮ КАЛК"

Азыркы жашап жаткан биздин заман,
Эркектер артта калдык,аялдардан.
Эркек деген атыбызды бетке кармап,
Эптеп эле жүргөндөйбүз араң-араң.

Баланы кимдер багат? Аял багат,
Түйшүктү кимдер тартат? Аял тартат.
Жада калса үй-бүлөөнү камсыз кылган,
Жашоо учун каражатты аял табат.

Эн күчтүү,калк экени жалганбы же,
Иштеп жүрөт,аялзаты таңдан кечке.
Кам көрүүгө үйдөгү,бала турсун,
Иштебеген күйөө сөрөй эркектерге.

Биз эркектер, жыргаш үчүн жаралдыкпы?
Аялдардын оор эмгегин бааладыкпы?
Жок дегенде,аялдарга жардам кылып,
Тынч отуруп,үйдө бала карадыкпы?

Аялзаты эн күчтүү калк экендигин,
Көрсөтө алды, оор түйшүккө бекемдигин.
Эркек качан көрсөтөөр экен, эми,
Оор түйшүктөн,тастыктап эркектигин.

Аялдардын моюнуна минип алдык,
Бар түйшүктү аялдарга артып салдык.
Аялдардын көлөкөсүн панаа кылып,
Эптеп жүргөн,бир немедей жашап калдык.

Куру намыс, калп эле корсоңдойбуз,
Чындыгында, маани берип ойлонбойбуз.
Ит деле өз милдети үргөн сымал,
Биз дагы,эркекпиз деп ороңдойбуз.

Кычырап эл көзүнө койкоңдойбуз,
Акыйкатта, үй-бүлө деп толгонбойбуз.
Катын эле болгонсуп баратабыз,
Бир гана айырмабыз боёнбойбуз.

Чыркыраган чындыкты жашыра албайм,
Жүлүнү бош эркектерди намыстантам.
Мага кандай сын-пикир айтсаңар да,
Теңелбеймин,ачууланып айтыша албайм.

Автор: Акматов Рамиль Максутович