Get Mystery Box with random crypto!

ЖАШООБУЗ СЫЙЛУУ ӨТСӨ ЭКЕН Албууттанган дайранын Артында ак му | Кыргыз акындарынын ыр саптары

ЖАШООБУЗ СЫЙЛУУ ӨТСӨ ЭКЕН

Албууттанган дайранын
Артында ак муз тоо турат.
Аргамак минген азамат,
Ат чабышка умтулат.
Арак ичип алгандар
Ал күнү-берен, жулкунат.
Акылы зирек даанышман
Ааламга түздөп кол сунат.
Ажаандыгы ашынган
Ай бою кектеп тултуят.

Байыган сайын битиреп
Баркынан түшөт сараңдар,
Байкабасак бузулат
Бат өзгөрүп замандар,
Башыбыздан өткөндө
Бааланат асыл адамдар.
Барган сайын салмактуу,
Баскан жолдо кадамдар.
Байкуш атка көнгөн соң
Басынып жашайт жамандар.

Жашоодо баалуу амандык
Жаныңда жүрөт жамандык,
жаңылбай көрүп үзүрдү
Жакшылап жанды багалык!
Жар учунан кулабай
Жагдайды туура табалык.
Жаман -жакшы сыноо да
Жан үрөп сабак алалык.
Жаратканга миң алкыш,
Жашаш үчүн жаралдык,
Жашообуз сыйлуу өтсө экен
Жан жолдош болуп адалдык!

Асан Жакшылыков