Get Mystery Box with random crypto!

Карасан кыштын тапканын, Кышында каарын катканын. Шылдындап би | Кыргыз акындарынын ыр саптары

Карасан кыштын тапканын,
Кышында каарын катканын.
Шылдындап бизди жаткандай,
Жазында жаап жатканын.

Үндүктөр бийик конду го,
Гүлдөгөн өрүк тоңду го.
Мартыңды уруп ойнобой,
Бу кышың көк бет болду го.

Январдын келген этеги,
Канакей жазым кечеги.
Отун, суу деле түгөндү,
Бу кышың деги кетеби?

Тигине апрель көрүндү,
Таарынсан айтчы жөнүңдү.
Мартта өчүң калган жок,
Бошотуп берчи төрүңдү.

Кудайга жазып чечели,
Күнөөсүн мунуң сезеби?
Көк беттик жагы бар экен,
Же кудайдын мээсин эзеби?

Кызарып көзү эки чок,
Соёрго малдын эти жок.
Кайышкан элге жут кылбай,
Кетсеңчи болду бети жок.

Келдибеков. Эдил.
23. 03. 2022.