Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Telegram каналынын логотиби kyrgyz_developer — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
Telegram каналынын логотиби kyrgyz_developer — Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты
Канал дареги: @kyrgyz_developer
Категориялар: Technologies
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 3.31K
Каналдан сүрөттөмө

Программалоо боюнча маалыматтар!
Flutter боюнча,
Web иштеп чыгуу боюнча,
IT багыты тууралуу көптөгөн маалыматтар бул каналда
Биз менен байланышыңыз:
https://turatalybaev.taplink.ws

Ratings & Reviews

4.50

0 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар

2022-10-08 16:35:45 https://lalafo.kg/bishkek/ads/acer-intel-core-i7-16-gb-ozu-141-id-102300238
131 views13:35
Ачык / Комментарий
2022-10-08 16:11:48
Биздин айымдарыбыз дагы ушунтип программист болуп, 1 экран аздык кылып, 3 экран менен иштеп калышсын ылайым :)
128 views13:11
Ачык / Комментарий
2022-10-08 15:13:11
Ноутбук алуучулар байланышыңыздар
145 views12:13
Ачык / Комментарий
2022-10-07 06:47:41

285 views03:47
Ачык / Комментарий
2022-10-07 06:28:45
Ассалоому алейкум, урматтуу окурманым, ушундай жаңы ноутбуктар келди, коробка, печаты менен, 1 жылга гарантиясы, дагы 6 айга техникалык тейлөөсү менен.

Аз эле ноутбук келген, программалоо үчүн, баалары да жакшы баада, алып жетишип калыңыздар
259 views03:28
Ачык / Комментарий
2022-10-06 18:27:22Иштеген маанилүү, эс алуу андан да маанилүү

АйТи тармагына киришкенден бери, кичине бир жыйынтык көрсөтүп алалы, АйТи тармагынын адисимин деп айтканга татыктуу бололу деп тытына берип, эс алуу эмне экенин унутуп калгандаймын.

Көпчүлүк учурда, эс алуу десе эле, Маямиге, Гаваиге барып, же Ыкыс-Көлдө пляжда жатууну ойлойбуз. Негизи адам эс алуу боюнча деле өзүн туура табышы керек экен.

Мен мисалы, жеке өзүм жолу жүрүүдөн абдан ырахат алам, жан дүйнөм жыргап, болгон стрессим чыгып калат. Ал эми менин үй-бүлөм көпчүлүктөн алыс, тынч жерде өзүбүзчө калганда абдан бактылуу болуп, сүйүнүп калышат. Демек эс алуу деле, кесип тандаган сыяктуу, ар бир адамдын жеке табитине, кыял жоругуна, аң сезимине жараша тандала турган нерсе экен.

2 жылдан ашык убакыттан бери, компьютерден башты көтөрбөй иштей берип, быйыл аш-тойлордун шылтоосу менен айылда 10 күндөй болуп келдик. Бир тараптан жол жүрүү болду, экинчи тараптан көптөн бери айылга барбай, айылдан кыйла алыстап калыптырбыз, күндүз кадимкидей айылдык бала болуп, айыл жумуштарын кылып, кечкисин кайрадан АйТи тармагындагы жумуштарыбызды токтотпой иштеп жаттык.

Бул эс алуу ушунчалык ырахат тартуулады, себеби эки жактын тең ишин калтырбай аткарып жатканыбыз бизге абдан жакты. Ооба, албетте бир тарабы бир аз аксады, анткени убакыт экиге бөлүндү, жана концентарция дагы бузулду дегендей, бирок ошентсе дагы абдан сонун энергия топтоп кайттык.
Кайтып келип, ишке берилип, сонун иштеп жатсак, Сүйүн Откеев байкебиз “Курьер” деген көркөм тасмасынын бет ачарына чакырып калбаспы. Кечээ анан ал киного келинчегим экөөбүз бардык. Кино башталганча бир аз сейилдеп туралы деп атайын эрте барганбыз, барып эле “Манас” кинотеатрынын алдында турсак, эски кесиптештер тобу менен “Байкуш” кинотасмасына кирип жатышыптыр, 2 билетибиз ашык болуп жатат дейт, “Курьерге” чейин аны да көрүп жетишип салдык.

Эми “Курьер” көркөм тасмасына келе турган болсок. Бул кинону көрүүдөн чынында ырахат алдык. Абдан эс алдык. Себеби, классикага айланган Кыргыз кинолорунан айырмаланып, башкача бир жанрда тартылыптыр. Бул жанрдын атын билбейт экенмин, балким кино тармагына кызыккандар билеттир.
Мафия, наркотика, уруш, ошол эле учурда коркок бир адам, айрыкча сөөктү көргөндөн корккон баш каарманыбыздын күнү бою эң корккон нерсесинин кайра-кайра башына келе берүүсү адамды күлдүрүп да, коркутуп, дагы эмне болуп кетет экен деген бүтпөгөн интрига менен келип, 3 тараптан башталган окуянын бир жерге чогулуп калышы абдан кызык экен.

Кыскасын айтканда, кинону көрүүнү баарыңыздарга сунуштайм, мен болсо бул аралыкта абдан жакшы эс алып койдум, эми иштейин. Иштеген канчалык маанилүү болсо, эс алган андан да маанилүү, себеби, адамды “выгораниеден” иштен тажап, күйүп кетүүдөн алыстатат. Эс алуу – адамды кайрадан дем күч менен иштөөгө түртөт. Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өзүңүзгө жана өлкөңүзгө пайдалуу инсан болуңуз. Керек болсо эс алууңуз да сизге ийгилик алып келсин!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 6-октябрь, 2022-жыл.
260 views15:27
Ачык / Комментарий
2022-10-05 09:06:24
376 views06:06
Ачык / Комментарий
2022-10-05 06:32:50
382 views03:32
Ачык / Комментарий
2022-10-04 16:50:42
379 views13:50
Ачык / Комментарий
2022-10-03 17:31:32 ​ Урматтуу окурманым, көптөн бери АйТи курстарыбыз ачылбай, сурагандар өтө көп болуп кетти. Ошондуктан биз, Онлайн 1 группа жана офлайн 1 группа (Ош шаарында) ачып жатабыз.

5-октябрда Баткендиктерден тандалып алынган 25 адамды акысыз окутуп баштайбыз. Ошону менен бирге ал группага акылуу окуй тургандарды кошо турган болдук.

Жана ошондой эле, Ош шаарында офлайн курстар качан ачылат деп сурап жаткандар үчүн да сонун жаңылыгыбыз бар, онлайн группабызга удаа эле, 8-октябрда Ош шаарында офлайн 1 группабыз ачылат.

Бул курстар жалпы 6 ай окутулат, бул курста мобилдик тиркеме жасоону үйрөнүп чыгасыздар. Курстун жыйынтыгында 3 ай акысыз стажировкага катышууга мүмкүнчүлүк аласыз.

Курска керектелүүчү нерселер:
Эң биринчи күчтүү каалоо болушу керек;
Андан кийин күчтүү ноутбук;
Үзгүлтүксүз интернет байланышы;
Андан соң болсо 6 айга төлөм кылууга каражат керек ;

Курстун жүрүшүндө, Dart’тын базалык билими берилет, жана Flutter өтүлөт. Флаттер аркылуу курстун жүрүшүндө 10 тапшырма аткарылат, бул 10 тапшырмада Флаттер нөлдөн башталып, Junior деңгээлиндеги програмчы аткара ала турган тапшырмаларды, UI тапшырмаларды жасоого жарап каласыз.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз, андыктан тез арада биз менен бирге мобилдик тиркеме иштеп чыгуучу программист болуңуз.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 3-октябрь, 2022-жыл
426 views14:31
Ачык / Комментарий