Чөйрө

Telegram каналынын логотиби choyrocom — Чөйрө
Каналдагы темалар:
Психология
Конкурс
Neolinecenter
Айымдардыөнүктүрүү
Жолугушуу
Bilim
Чөйрөчү
All tags
Telegram каналынын логотиби choyrocom — Чөйрө
Каналдагы темалар:
Психология
Конкурс
Neolinecenter
Айымдардыөнүктүрүү
Жолугушуу
Bilim
Чөйрөчү
All tags
Канал дареги: @choyrocom
Категориялар: Technologies
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.24K
Каналдан сүрөттөмө

Адамар жолугушан, ой-пикирлер кайчылашкан жана идеялар ишке ашкан жер.
https://choyro.com

Ratings & Reviews

4.50

0 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар

2022-08-29 10:54:56
Урматтуу Чөйрөчүлөр!

Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнүнө карата сиздер үчүн атайы жолугушуу уюштуруп жатабыз.

Жолугушуубуздун коногу - биздин желбиреген туубуздун авторлорунун бири Жайчыбеков Бекбосун Карабекович.

Жайчыбеков Бекбосун Карабекович – сүрөтчү, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири. Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон.

Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги, КР маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз Эл сүрөтчүсү наамдарын алган.

Ысык-Көл областынын жана Түп районунун ардактуу атуулу, сурөтчүлөр жана журналисттер союзунун мүчөсү, “Руханият” эл аралык ассоциациясынын ардактуу мүчөсү.

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз. Кызыктуу маекке күбө болуп кетиңиздер.

Алып баруучу жана модератор: Гулира Калыкова

30-август, 20:30

Zoom-шилтеме:

https://us06web.zoom.us/j/83482248758?pwd=SmpuV21XRG03L21tQ05SS0hLbmYyQT09
329 viewsedited  07:54
Ачык / Комментарий
2022-08-25 14:09:36
Салам, достор!

Бүгүн кечки саат 20:00 дө даяр болуп туруңуздар, анткени сиздер үчүн «Кутуча» долбоору «Логотипке идея табуу» темасына арналган жолугушуу даярдап жатышат

Жолугушууга Кыргызстандын белгилүү графикалык дизайнери Шумкар Мойдинов катышмакчы.

Шумкар Мойдинов - эл аралык “Золотая блоха” конкурсунун бир канча дипломдорунун ээси жана логотип жаратууда чоң тажрыйбасы бар.

Бул жолугушууда мыкты логотиптерди жаратууда кантип идеяларды таап, креативдүүлүк жана чыгармачыл ой-жүгүртүүнү кантип өнүктүрүү керектигин айтып берет.

Сөзсүз түрдө жолугушууга катышып, өз ишинин чеберинен пайдалуу кеңештерди угуп кетиңиздер.

Zoom шилтеме:

https://us02web.zoom.us/j/89527331272?pwd=WUtQTGU3dXMzQkkvcDcrQXk2aEdmUT09
657 viewsedited  11:09
Ачык / Комментарий
2022-08-23 17:11:22 Арыбаңыздар, достор!

20-августта Бишкекте болуп өткөн «Бүгүнкү санарип кылымдагы айымдардын билим алуудагы жетишкендиктери» аттуу
«Демилге» IT марафонунун жыйынтыктоочу оффлайн-жолугушуусун биздин YouTube каналда көрсөңүздөр болот.





Жолугушууга «Чөйрөнүн» Бишкектеги негиздөөчүлөрү Тимур Моун, Бекназар Жамангараев, Олжобай Искандер катышышты. Ошол эле учурда Германиядагы негиздөөчүсү Азамат Токтакунов онлайн байланышта болду.

Жолугушууда «Демилге» IT марафонундагы реалдуу долбоорлор өз иштерин жактап өтүштү. Демокүнгө «Чырак», «Келечек» долбоорлорунун студенттери келишти. Арасында атайын алыстан жол жүрүп келгендер да болду.

«Демилге» IT марафонун жана оффлайн-жолугушууну өткөрүүгө өз салымын кошкон демөөрчүлөргө жана ошондой эле уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.
584 viewsedited  14:11
Ачык / Комментарий
2022-08-20 11:42:04
Салам, достор!

Сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен тааныштырууга убакыт келди

Бүгүн назарыңыздарда «Кажы-Кужу» долбоору

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст.

 Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов.

 Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат.

 Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.

Айтмакчы, «Кажы-Кужуда» жаңы сезон башталды. Команданын даярдап чыккан соңку чыгарылышы:

https://kontentchi.com/kyrgyz-konfederation/

«Кажы-Кужунун» соц.тармактарына катталып, кызыктуу маектерди үйдө, жолдо, жумушта  дагы уксаңыз болот.

Контентчи: https://kontentchi.com/kazhykuzhu_podcast/

Телеграм: @kazhykuzhu

Spotify: https://open.spotify.com/show/3q5gjIStPDmQ513N2eidn1

Instagram: https://instagram.com/kazhykuzhu
751 views08:42
Ачык / Комментарий
2022-08-19 08:47:07
Салам, достор!

Жолугушуу рубрикабызда сиздер менен билими, тажрыйбасы менен бөлүшкөн конокторду дагы да чакырып, сонун маектерди уюштурганды улантуудабыз.

Бул жолку коногубуз АКШнын Техас штатындагы Даллас шаарында математика мугалими болуп эмгектенген Гүлзире Минбаева.

Гүлзире Минбаева - @techaim коомдук фондунун кош-негиздөөчүсү,
дүйнөлүк Khan Academy нин Кыргызстандагы @khanacademykyrgyz жетекчиси жана
коомдук ишкер @bilimtech_kg.

Жолугушууда:
- Аялдардын так илимдердеги орду;
- Баланы так илимдерге кызыктыруу;
- Математиканын программалоо тилин үйрөнүүдө пайдасы;
- Америкада билим берүү мекемелеринин иши;
- Мектеп окуучуларын дүйнөлүк олимпиадаларга даярдоо жана катыштыруу;
- STEAM билим берүү жөнүндө маектешебиз!

21-август, Жекшемби
20:00

Алып баруучу жана модератор: Мээрим Абдрахман кызы

Zoom-шилтеме:

https://us06web.zoom.us/j/85756216737?pwd=M05Hbm5SbTI2ck5MRGJ1cnNlM1VyQT09

Дагы кызыктуу конокторубуз алдыда. «Чөйрөгө» катталып, бардык маалыматтан кабардар болуп туруңуз.
730 viewsedited  05:47
Ачык / Комментарий
2022-08-18 21:37:28 #56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

https://kontentchi.com/kyrgyz-konfederation/
445 views18:37
Ачык / Комментарий
2022-08-18 08:17:46
Урматтуу Чөйрөчү,
сизди 20-августта, саат 17:00дө өтө турчу “Бүгүнкү санарип кылымдагы айымдардын
билим алуудагы жетишкендиктери”
аттуу Демокүнгө чакырабыз.

Дарегибиз: Бишкек шаары, Эркиндик Бульвары 58А, Инновация Борбору.

Катталуу: https://choyro.co/groups/demilge-demo/
741 viewsedited  05:17
Ачык / Комментарий
2022-08-17 16:06:52
Салам, достор!

Араңыздарда IT ге кызыккандар арбын болуш керек, андыктан бул кулактандыруу сиздер үчүн!

Жеке ишкер, Flutter Developer, Ackmatoff ITC нин негиздөөчүсү Турат Алыбаев агай командасы менен жаңы ачылган офисте 19-август күнү, саат 16:00 дө акысыз АйТи жолугушуу уюштуруп жатышат. Бул жолугушууга белгилүү программисттер келип конок болушат, жана АйТи тармагынын артыкчылыктары жөнүндө жакшы сөздөр болот.

Жолугушуу акысыз, бирок орундар чектелүү. Жолугушууга кантип катышсам болот дегендер толук маалымат үчүн Турат Алыбаев агайдын Телеграм же Инстаграм баракчасына баш багыңыз:

Инстаграм: https://instagram.com/turat_alybaev

Телеграм: @turatalybaev
719 views13:06
Ачык / Комментарий
2022-08-17 08:57:26
Урматтуу Германиядагы жердештер,
сиздерди «Немис-кыргыз маданий коомунун» атынан Берлинде, 21-августта кечки саат 18:00 дө боло турган «Ибарат» этно-фольклордук ансамблинин чакан концертине чакырабыз.

Бул концерт аталган ансамблдин өз демилгеси жана Германиядагы, Чехиядагы жана Франциядагы бир катар уюмдардын көмөк көрсөтүүсү менен Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Концерт кыргыз элинин улуттук жети аспаптарынын коштоосунда аткарылчу жыйырмага жакын салттык ыр-күүлөрдү камтыйт.

Маданий иш-чара Юнус Эмре институтунда өтөт (Kronenstr. 1 10117 Berlin) жана бейрасмий чай үстүндө баарлашуу менен аяктайт. Дасторконго кошумча кылсаңар, кубанычта болобуз
1.3K views05:57
Ачык / Комментарий
2022-08-16 10:08:24 Арыбаңыздар, достор!

Назарыңыздарда “Чөйрөчүлөр баяндайт” рубрикабыз! Бул рубрикабызда сиздерди Чөйрөчүлөр менен тааныштырып турабыз.

Бүгүнкү каарманыбыз — “Чөйрөнүн” активдүү катышуучусу, “Kelechek.Digital” веб-студиясында Front-End Developer кесибин аркалаган Айнагүл Шабданова болмокчу. Айнагүл айым программалоого жана “Чөйрөгө” карай келген жолун калемге алды:

“Мектепти бүтүрүп, өзүм программалоону тандап, документимди КНУ нун КАФына  тапшыргам, бирок ата-энем кыздардын кесиби эмес деп каршы болуп, документтеримди алып кетүүгө туура келген.

Арадан жылдар өттү. Күтүлбөгөн жерден бир нече жыл туруктуу иштеп келе жаткан жумуштан кеткен соң, өзүмчө  жумуш баштап иштөөнү чечтим. Бир нече тармакта иш алып барып, баарын укмуш иштетип кете албасам да, ийгиликтүү болду десем болот.

Ортодон Covid-19 башталып, ал жумуштарды токтотууга туура келди. Пандемия учурунда көбүнүн эле башына келген суроо менде да жаралды.  Мен мындан ары эмне жумуш жасайм? Мени чынында эмне кызыктырат? Жана өзүмдү 10 жылдан кийин кайдан жана кандай көрөм?

Изденип баштап, буга чейин бир нече жолу досторумдун “Сен ITге барышың керек” деген сөздөрүн эстедим. Бирок эмнегедир  убагында ал сөздөргө жакшы көңүл бурбай койдум.

YouTube, Инстаграмдан биздин жердештердин IT тармагында жаратып жаткан ийгиликтерин көрүп, өзүнчө кудуңдап сүйүнүп, мен да Бишкектен жакшы курстарды караштырып баштадым. Бирок баасын чөнтөгүм көтөрө албаганын билип, кайра жумушка орношууга чечтим. Айлык-маянасына кечки программалоо курсун окуйм деп.

Бирок эмнегедир эч жолум болбоду, бир канча интервью өтүп, биринен өтсөм мага жакпайт, же мен жакпай дегендей. Абдан ойго батып жүргөн күндөрдүн биринде, Инстаграмдан Айдана Өмүрбаеванын баракчасынан  жарыя көрүп, Жылдыз Академиясы менен бирге уюштуруп жаткан  "Келечек" долбооруна дароо жазылып, окуп калдым.

Жашоом  дароо 180  градус жакшы нукка бурулуп, буга чейин көксөп келген, өзүмө жаккан кесипке ээ болуп, сонун бир "Чөйрөгө” кошулуп, азыркы тапта “Kelechek.Digital” веб-студиясында  эмгектенип жатам.”

Биз менен өзүнүн кызыктуу окуясын бөлүшкөн каарманыбыз Айнагүл Шабдановага ыраазычылык билдирип, ийгилик кааламакчыбыз

#чөйрөчү
997 viewsedited  07:08
Ачык / Комментарий