Get Mystery Box with random crypto!

Ислам Онлайн KG

Telegram каналынын логотиби islamonlinekg — Ислам Онлайн KG И
Telegram каналынын логотиби islamonlinekg — Ислам Онлайн KG
Канал дареги: @islamonlinekg
Категориялар: Дин
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.60K
Каналдан сүрөттөмө

ИсламОнлайнKG баракчасынын расмий каналы

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 2

2022-06-09 09:38:17 https://youtube.com/shorts/a4oAAbxPja4?feature=share
1.6K views06:38
Ачык / Комментарий
2022-06-03 15:47:42

1.8K views12:47
Ачык / Комментарий
2022-06-01 20:56:06
1.6K views17:56
Ачык / Комментарий
2022-06-01 20:55:50
1.4K views17:55
Ачык / Комментарий
2022-06-01 20:55:42 «Адамдын жүрөгү түз болмоюн ыйманы түз болбойт. Ал эми тили түз болмоюн жүрөгү түз болбойт». (Ахмад)

Демек, ар бир айткаң сөзүңдү көзөмөлдө, мына ошондо жүрөгүң түз болот. Ал эми жүрөк түз боло турган болсо, анда ал жүрөктү ыйман уялайт. Ар бир айткан сөзүңө көңүл бур, анткени сенин жаныңда ар бир сөзүңдү калтырбай жазып туруучу периштелер бар. Сенин бүгүнкү айткан сөзүң – эртеңки Акыретте сени Аллахтын ыраазылыгына жеткирет же болбосо Анын каарына туш кылат. Акыретте ар бир адам ар бир айткан сөзү үчүн жооп берет. Ушуну эсиңден чыгарба!
—————————————
ИсламОнлайнKG телеграм каналына катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз!
https://t.me/islamonlinekg
1.2K views17:55
Ачык / Комментарий
2022-06-01 20:55:42 * ИсламОнлайнKG*
* Ватсапка катталуу айымдар үчүн:*
https://chat.whatsapp.com/CLgzy4tYrR1HNOJnfHpDhi

* Ватсапка катталуучу мырзалар үчүн:*
https://chat.whatsapp.com/Jr3oCikBLum7XSbVGn0VVe

*АКЫРЕТТЕ АР БИР СӨЗҮҢ ҮЧҮН ЖООП БЕРЕСИҢ*

_ Эрланбек Кушчубек уулу_

Йаъла ибну Убайд, рахимахуллах, айтат: _«Күндөрдүн биринде Мухаммад ибну Сукаттын үстүнө кирип калдык. Ошондо ал мындай деди: «Силерге айтар сөзүм бар, балким силерге да анын пайдасы тийер. Мага көп пайдасын тийгизди:_
_«Бир жолу Ато ибну Абу Рабах менен бирге отуруп калдык, ошондо ал бизге мындай деди: «О, менин диндеш туугандарымдын балдары! Силерден мурунку муундагы адамдар ашыкча сөз сүйлөштү ушунчалык жаман көрүшкөн жана ар бир ашыкча сөздү эсептешкен. Бирок Куран китепти окууну, же жакшылыкка буюруп, жамандыктан тыюуну, же жашоодо сөзсүз зарыл болгон иштер туурасында сүйлөөнү гана эсептешкен эмес. А силер Аллахтын бул айткан сөздөрүн кантип жокко чыгара аласыңар?! Аллах таала айтты го:_
_*«Чындыгында, силердин үстүңөрдөн күзөтүүчү периштелер бар. Алар (ар бир иш-аракетти) жазып туруучу кадырлуу периштелер».* (Инфитар сүрөөсү, 10-11-аяттар)_
_*«Адамдын оң жана сол тарабында эки периште отурат жана алар (иш-аракеттерди) жазышат. Ал (адам) кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын жанында (жазганга) даяр күзөтчү периште бар».* (Коф сүрөөсү, 17-18-аяттар)_

_Андан кийин сөзүн улап мындай деди:_
_«Эгерде силердин бириңердин алдына эртеден бери анын айткан сөздөрү жазылган амал китепчеси ачылып көрсөтүлсө жана андагы жазылган сөздөрдүн көпчүлүгү анын акыретине да, жашоосуна да пайда алып келбеген сөздөр болуп чыкса, анда ал адам кандай абалда болот эле? (Ашыкча сүйлөгөндөн) уялсаңар болбойбу?!». (“ас-Сомт уа Аадабуль-Лисаан”)_

Ар бир адамдын бул жашоодогу айткан бардык сөздөрүн калтырбай жазып туруучу периштелер бар. Ал кандай сөз айтпасын, кандай сөз жазбасын, алардын ар бири анын Амал китепчесине жазылып сакталат жана Кыяматта адам ошого жараша суралат.

Ибну Умар, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтат:
*«Аллахты эстөөдөн тышкаркы сөздөрдү көп сүйлөбөгүлө. Чындыгында, Аллахты эстөөгө тиешеси жок сөздөр жүрөктү катырат. Ал эми Аллахтан эң алыс адамдар – жүрөгү мерез адамдар».* (Тирмизи)

Мусулман бир тууганым! Сен дагы ар бир сүйлөгөн же жазган сөзүңдү көзөмөлдө, бир сөз сүйлөөрдөн алдын жакшылап ойлон. Анткени ооздон чыккан сөз жүрөккө сөзсүз таасирин тийгизет, жакшы сөз сүйлөсөң жүрөгүңө ыйман кирет, жаман сөз сүйлөсөң жүрөгүңдөн ыйман кетет. Бүгүнкү оозуңдан чыккан бир сөз – сени эртеңки Акыреттеги азапка түшүшүңө себеп болуп калбасын. Ошондуктан ар бир айткан сөзүңө сак бол.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Муаз ибну Жабалга адамдардын тозокко түшүшүнө тилдери да себеп болорун баяндап:
*«...Адамдарды жүздөрү менен Тозок отуна (ушак) сөздөрдөн башка эмне киргизмек эле?!» деп айткан.* (Ахмад; Тирмизи; Ибну Маажах)

Ушул туурасында Юнус ибну Убайд айтат: _«Адамдардын кимиси болбосун, эгерде тилин сактаган болсо, анда бул анын ар бир иш-аракетине жакшы таасир бергенин гана көрөсүң»._ (“ас-Сомт”, 257)

Ал эми Раби ибну Хусайм айтты: «Тогуз түрлүү сөздөн башкасында эч кандай жакшылык жок, алар:
1) Тахлил (“Лаа илааха иллаллах” – Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Зат жок);
2) Такбир (“Аллаху акбар” – Аллах улук);
3) Тасбих (“Субхааналлах” – Аллах бардык айып-кемчиликтерден аруу);
4) Тахмид (“Альхамдулиллах” – Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун);
5) Жакшылык тууралуу суроо;
6) Жамандыктан коргоо тилөө;
7) Жакшылыкка чакыруу;
8) Жамандыктан тыюу;
9) Куран окуу». (“ас-Сомт”, 246)

Мусулман бир тууган! Жогоруда саналган тогуз түрлүү сөздү дайым айтууну өзүңө адат кыл. Ошондой эле адамдар менен отурган кезде алар Аллахты эстешсе, анда сен да алар менен бирге Аллахты эсте. А эгер адамдар пайдасыз сөзгө кирип кетишсе, анда аларга эскерт, болбосо пайдасыз сөздөр сүйлөнгөң жерден чыгып кеткениң өзүң үчүн гана жакшы. Анткени адамдын тилинен чыккан ар бир сөз адамдын ыйманына сөзсүз таасирин берет. Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
1.1K views17:55
Ачык / Комментарий
2022-05-28 20:15:28
1.2K views17:15
Ачык / Комментарий
2022-05-28 20:15:25
1.1K views17:15
Ачык / Комментарий
2022-05-25 19:00:45 Аль-Каафий китебинин бөлүктөрүнүн дагы бири: «Пайгамбарларда боло турган имамдардын аят-белгилеринен».

• Шииттердин ишениминде алардын имамдары Аллахтын уруксаты жок эле Кыяматта шапаат кыла алышат.

• Шииттердин ишениминде алардын имамдары Аллах менен адамдардын ортосундагы ортомчулар.

• Шииттердин ишениминде имамдар имаматты шайлоо менен эмес, мурас менен алышат.

• Шииттердин ишениминде алардын имамы кыска мөөнөткө жана узак мөөнөткө жок болуп кетет. Ал «аль-Гойбату ас-Сугра» жана «аль-Гойбату аль-Кубро» деп аталат.

Шииттердин бул ишениминин келип чыгуусунун себеби алардын дини уланып туруусу үчүн имамдардын тукуму уланып турушу керек болчу. Хасан аль-Аскарий деген имам балалуу болбой калганда, шииттер коркуп бир баланы Хасан аль-Аскарийдин баласы деп калп айтып чыгышат. Ахлу-ссунна мусулмандары эле эмес, жада калса кээ бир шииттер да алардын кылган кылыгын жалганга чыгарышат. Ошондо шииттер өздөрүнүн дини уланып туруусу үчүн ал баланы белгисиз мөөнөткө жок болуп кеткенин жана жакынкы арада ачыкка чыкпасын ойлоп табышкан.

Андан кийин шииттер мусулмандардын бул нерсеге ишенүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле ким бул нерсеге ишенбесе, каапыр деп айтышкан.
—————————————
ИсламОнлайнKG телеграм каналына катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз!
https://t.me/islamonlinekg
1.3K views16:00
Ачык / Комментарий