Get Mystery Box with random crypto!

«Адамдын жүрөгү түз болмоюн ыйманы түз болбойт. Ал эми тили тү | Ислам Онлайн KG

«Адамдын жүрөгү түз болмоюн ыйманы түз болбойт. Ал эми тили түз болмоюн жүрөгү түз болбойт». (Ахмад)

Демек, ар бир айткаң сөзүңдү көзөмөлдө, мына ошондо жүрөгүң түз болот. Ал эми жүрөк түз боло турган болсо, анда ал жүрөктү ыйман уялайт. Ар бир айткан сөзүңө көңүл бур, анткени сенин жаныңда ар бир сөзүңдү калтырбай жазып туруучу периштелер бар. Сенин бүгүнкү айткан сөзүң – эртеңки Акыретте сени Аллахтын ыраазылыгына жеткирет же болбосо Анын каарына туш кылат. Акыретте ар бир адам ар бир айткан сөзү үчүн жооп берет. Ушуну эсиңден чыгарба!
—————————————
ИсламОнлайнKG телеграм каналына катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз!
https://t.me/islamonlinekg