Get Mystery Box with random crypto!

Аль-Каафий китебинин бөлүктөрүнүн дагы бири: «Пайгамбарларда б | Ислам Онлайн KG

Аль-Каафий китебинин бөлүктөрүнүн дагы бири: «Пайгамбарларда боло турган имамдардын аят-белгилеринен».

• Шииттердин ишениминде алардын имамдары Аллахтын уруксаты жок эле Кыяматта шапаат кыла алышат.

• Шииттердин ишениминде алардын имамдары Аллах менен адамдардын ортосундагы ортомчулар.

• Шииттердин ишениминде имамдар имаматты шайлоо менен эмес, мурас менен алышат.

• Шииттердин ишениминде алардын имамы кыска мөөнөткө жана узак мөөнөткө жок болуп кетет. Ал «аль-Гойбату ас-Сугра» жана «аль-Гойбату аль-Кубро» деп аталат.

Шииттердин бул ишениминин келип чыгуусунун себеби алардын дини уланып туруусу үчүн имамдардын тукуму уланып турушу керек болчу. Хасан аль-Аскарий деген имам балалуу болбой калганда, шииттер коркуп бир баланы Хасан аль-Аскарийдин баласы деп калп айтып чыгышат. Ахлу-ссунна мусулмандары эле эмес, жада калса кээ бир шииттер да алардын кылган кылыгын жалганга чыгарышат. Ошондо шииттер өздөрүнүн дини уланып туруусу үчүн ал баланы белгисиз мөөнөткө жок болуп кеткенин жана жакынкы арада ачыкка чыкпасын ойлоп табышкан.

Андан кийин шииттер мусулмандардын бул нерсеге ишенүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле ким бул нерсеге ишенбесе, каапыр деп айтышкан.
—————————————
ИсламОнлайнKG телеграм каналына катталуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз!
https://t.me/islamonlinekg