Get Mystery Box with random crypto!

Салам, достор! Сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен таанышты | Чөйрө Коомчулугу

Салам, достор!

Сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен тааныштырууга убакыт келди

Бүгүн назарыңыздарда «Кажы-Кужу» долбоору

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст.

 Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов.

 Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат.

 Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.

Айтмакчы, «Кажы-Кужуда» жаңы сезон башталды. Команданын даярдап чыккан соңку чыгарылышы:

https://kontentchi.com/kyrgyz-konfederation/

«Кажы-Кужунун» соц.тармактарына катталып, кызыктуу маектерди үйдө, жолдо, жумушта  дагы уксаңыз болот.

Контентчи: https://kontentchi.com/kazhykuzhu_podcast/

Телеграм: @kazhykuzhu

Spotify: https://open.spotify.com/show/3q5gjIStPDmQ513N2eidn1

Instagram: https://instagram.com/kazhykuzhu