Get Mystery Box with random crypto!

Арыбаңыздар, достор! 20-августта Бишкекте болуп өткөн «Бүгүнк | Чөйрө Коомчулугу

Арыбаңыздар, достор!

20-августта Бишкекте болуп өткөн «Бүгүнкү санарип кылымдагы айымдардын билим алуудагы жетишкендиктери» аттуу
«Демилге» IT марафонунун жыйынтыктоочу оффлайн-жолугушуусун биздин YouTube каналда көрсөңүздөр болот.





Жолугушууга «Чөйрөнүн» Бишкектеги негиздөөчүлөрү Тимур Моун, Бекназар Жамангараев, Олжобай Искандер катышышты. Ошол эле учурда Германиядагы негиздөөчүсү Азамат Токтакунов онлайн байланышта болду.

Жолугушууда «Демилге» IT марафонундагы реалдуу долбоорлор өз иштерин жактап өтүштү. Демокүнгө «Чырак», «Келечек» долбоорлорунун студенттери келишти. Арасында атайын алыстан жол жүрүп келгендер да болду.

«Демилге» IT марафонун жана оффлайн-жолугушууну өткөрүүгө өз салымын кошкон демөөрчүлөргө жана ошондой эле уюштуруу тобуна ыраазычылык билдиребиз.