Get Mystery Box with random crypto!

ЭЛ МЕНЕН АДАМДЫН АЙЫРМАСЫ Эзоптун кожоюну Ксанф мончого түшкү | БИЙИКТЕ БОЛ!!!🇰🇬

ЭЛ МЕНЕН АДАМДЫН АЙЫРМАСЫ

Эзоптун кожоюну Ксанф мончого түшкүсү келип Эзопту жиберет:
-Билип келчи, адам аз эле бекен?
Эзоп бир топ убакыттан кийин келип, мончодо бир эле адам бар экен дейт. Ксанф шашып-бушуп мончого барса адам жык экен.
-Эмнеге мени алдадың?- деп ачууланат.
-Мен сени алдаган жокмун, -дейт Эзоп. -Мончонун алдында бир таш бар экен. Кирип бараткан адамдардын баары ошого чалынып жатышты. Чалынгандардын бирөөсү гана ошол ташты четке алып койду. Демек, эл көп болгону менен, адам бирөө эле болобу?