АКЫЛ КАЙДАН ЖАРАЛАТ? - Ата, акыл кайдан жаралат? - деп калды к | БИЙИКТЕ БОЛ!!!🇰🇬
АКЫЛ КАЙДАН ЖАРАЛАТ?
- Ата, акыл кайдан жаралат? - деп калды күзгүгө каранып олтурган кызы. Анда атасы:
- Акыл бир эле күндө быша койбойт. Ал тер менен өнүп, жаш менен сугарылып, күлкү менен орулуп алынат. Акылды күзгүдөн эмес, китептен издейт, — деген экен.