Get Mystery Box with random crypto!

Лукойлдун директорлор кеңешинин төрагасы оорукананын терезесин | АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Лукойлдун директорлор кеңешинин төрагасы оорукананын терезесинен кулап каза болду

Лукойл мунай компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Равиль Маганов Москвадагы борбордук клиникалык оорукананын терезесинен кулап каза болгонун орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Клиникалык оорукана Лукойлдун жетекчиси каза болгонун ырастап, бирок эмнеден көз жумганын тактаган жок.


Компаниянын 67 жаштагы топ-менеджери оорукананын 6-кабаттагы бөлүмдө дарыланып жатканы маалым болду. Айрым маалыматтарга караганда, Маганов жүрөк оорусунан улам терапия бөлүмүндө жаткан. Ага депрессия диагнозу коюлганы айтылууда.

Равиль Маганов 1993-жылдан бери Лукойлдун директорлор кеңешинде. 2006-жылдан бери ал компаниянын биринчи аткаруучу вице-президенти болуп, ал эми 2020-жылдан бери директорлор кеңешин жетектеп келе жаткан.