Get Mystery Box with random crypto!

Өзбекстан басмачыларды эгемендүүлүк үчүн күрөшкөндөр деп тааны | АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Өзбекстан басмачыларды эгемендүүлүк үчүн күрөшкөндөр деп тааныды. Биз дагы таанышыбыз керек - Р. Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев СССР республиканын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн өзбекстандыктарды репрессиялаганы тууралуу айтканы боюнча пикирин билдирди.

"Мирзиеев басмачыларды Өзбекстандын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөндөр деп тааныды. Талкаланган адам тагдыры үчүн өтө узак, тарых үчүн көз ирмем. Биз дагы, кеч болсо дагы таанышыбыз зарыл!!!",-деп жазды Равшан Жээнбеков.

Эскерте кетсек, Шавкат Мирзиеев эгемендүүлүк күнүндө элге кайрылып, эгемендүүлүккө 31 жыл болсо дагы ата-бабалар ага жетишүү үчүн 100 жыл мурун аракеттерди кылышканын белгилеген. Бирок ошол кездеги режим аларды эл душманы кылып репрессиялап, атуу кетиргенин айтты Мирзиеев.