2022-10-01 04:14:39Салават Салават айтуунун пайдалары хадистерде көп келген. Бул жерде алардын айрымдарын баяндап өтөбүз.
Ким Пайгамбарыбызга бир жолу салават айтса, Аллах Таала жана Периштелер ага он жолу салават (ырайым дубасын) айтышат. Анын даражасы он эсе көтөрүлөт. Ага он сооп жазылат. Он күнөөсү кечирилет. Анын дубасы кабыл болот жана ага Пайгамбарыбыздын шапааты важип болот.
Салават айтуу бул дүйнөдө кажеттердин бүтүүсүнө, ооруларга шыпаа болууга, душманды жеңүүгө, Аллахтын ыраазылыгын табууга, Аллах жана Пайгамбарыбыздын сүйүүсүнүн пайда болуусуна, жүрөктүн тазалануусуна, ырыскы жана үйдө берекенин болуусуна, жан чыгып жаткан учурдагы кыйналуудан кутуулуга жана жакырчылыктын жок болуусуна себеп болот.
Салаватты көп айткан адам саран болбойт. Кайсы жыйында салават окулса, ошол жыйында отурган адамдарды Аллахтын ырайымы ороп алат жана салаватты коп окуган адамга түшүндө Пайгамбарыбыздын зыяраты насип болот. Ал кыямат күндүн коркунучунан жана чаңкоосунан аманчылыкта болот.
(Ал) асмандарды тирөөсүз жараткан жана сен аларды көрүп турасың. Силер менен бирге ал термелбесин үчүн жер үстүнө бекем тоолорду кадаган, (жерде) түрдүү жан-жаныбарларды тараткан. Биз асмандан жаан жаадырып, анын үстүндөгү өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрөбүз. Лукман-10
2022-08-30 20:39:32
Урматтуу катталуучу достор! Сиздер үчүн "эң мыкты"деген каналдарды топтоштурдук! Ар бирине катталып, пайдалуу маалыматтарды алыңыздар.