2022-10-16 14:12:08
Кимде ким жашоонун кемесин дүнүйөнүн деңизинде шариятка ылайыктап жүргүзсө, анда ал инсан акыретке саламаттык менен жетип, бактылуу болот. Эгерде жашоонун кемесин дүнүйөнүн деңизине чөктүрүп салса, анда зыян тартып бактысыз болот. Ким акыретти өзүнүн алдына максат кылып койсо, Аллах анын жүрөгүнө тынчтык, ырахат берет жана анын ырыскысын женил кылат. Ал эми ким акыретин унутуп, дүнүйөнү максат кылып алса, анда анын жүрөгү кыжаалаттыктан кутулбайт. Ага тагдырында жазылган гана ырыскы берилет. Ал инсан дүнүйөнү көп талап кылса да, тагдырында жазылган ырыскыдан ашыкча ала албайт.
Азирети Абдулла ибн Амрдан (р.а.) риваят: Пайгамбарыбыз алайхис салам айткан: «Эгер сенде төрт сыпат табылса, дүнүйөнүн нерселеринин берилбей калганына эч кам санаба. Алар төмөнкүлөр:
1 - Аманатты сактоо;
2- чынчыл болуу;
3-Жакшы кулк-муноз;
4 - Арам ырыскыдан алыс болуу»;
890 views11:12