2023-01-22 11:35:16
Силердин бирөөңөр намаз окуган жерде дааратын бузбай отурган болсо, периштелер: "Аллахым, бул адамдын күнөөлөрүн кечир жана ага ырайым кыл!"- дешет. (Хадис)
Аларга: “Аллах силерге берген ырыскылардан сарптагыла” – делинсе, ыймансыздар ыймандууларга: “Силерди биз тамактандырмак белек? Аллах кааласа силерди Өзү тамактандырмак. Силер анык адашуудасыңар”, – дешет. Жана айтышат: “Эгер чынчыл болсоңор, бул убада качан (аткарылат)?” Талашып жаткан учурда, аларды алып кете турган бир гана катуу кыйкырыктан башка эч нерсени көрө алышпайт. Алар осуйат да калтыра албайт жана өз үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт. Сурнай тартылганда, алар мүрзөлөрүнөн Эгесине карай шашып чыгышат. Алар: “Оо, биз куруп калалык! Бизди жаткан жерибизден ким тургузду? Бул – Мээримдүү убада кылган нерсе жана элчилер чындыкты айтышкан экен”, – дешет. Катуу бир кыйкырыктан башка эч нерсе болгону жок. Мына алардын баары Биздин алдыбызга келип турушат.
Чындыгында, Фараон жер бетинде үстөмдүк кылып, элин топторго бөлдү. Алардын бир тобун эзип, уул балдарын мууздап, айалдарын тирүү калтырчу. Анткени ал бузукулардан болчу. Касас-4
2022-12-23 09:56:17أَمَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ فَلَهُمْ جَنَّاتُ الْمَأْوَىٰ نُزُلًا بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ Ал эми ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандарга алардын жасаган нерселери үчүн конок жайы болгон Ма'-ваа бактары(Бейиш бактары.) бар. (Сажда-19)
"Чындыгында, эч ким өз амалы менен Бейишке кире албайт" дегенде, сахабалар: "Оо, Алланын элчиси, өзүңүз да амалыңыз аркылуу кире албайсызбы?" деп сурашты. Пайгамбарыбыз саллаллаху ъалайхи васаллам: "Алланын чексиз кечирими жана боорукерлиги болбогондо, мени деле амалдарым ал жерге киргизе алмак эмес", - деп жооп берди.
2022-12-16 10:16:13(4:79) «Сага келген ар бир жакшылык Алладан. Сага жеткен ар бир жамандык болсо өзүңдөн».
(42:30) «Башыңарга келген ар бир жамандык өзүңөр кылган күнөөңөр себебинен. Ошондо да Алла көп күнөөлөрдү кечирип жиберет (ал күнөөлөрдөн улам кырсык келбейт)».