2022-12-25 19:54:44
Кызгануу сезимин кандай түшүнөм…
Жашоомдо, айланамда болуп жаткан окуялар мага кандай таасир тийгизди, кандай ойдо калдым, менде кандай сезимдерди ойготту деп ойго батып жүрүп чогулткан ойлорумду күндөлүк кылып жазып баракчама чыгарып, кээ бири чындап коомдогу эң көйгөйлүү маселелерди көтөрчү болду.
Жазгандарымдан кээ бириңер чындап таасирленип, кошумча суроолоруңарды жазып, “жашоомдо ушундай окуялар болуп жатат, сизде болгон эмес беле, сиз эмне кылдыңыз эле” деген сымал суроолор өтө көп келип баштады.
Алардын ичинен эми ушул тууралуу жазыңызчы деген темалардын бири да “түгөйлөр арасындагы кызгануу сезими”.
Арстан менин жакшылап сүйлөшкөн алгачкы жигитим, 3 жыл кыз жигит болуп сүйлөшүп анан үйлөнгөнбүз. Анан биздин ортобузда бир-бирибизди башкалардан кызганып, чырдашкан окуябыз такыр болгон эмес.
Күндөлүгүмө 2-3 жылдан бери катталган окурмандардын эсинде болуусу мүмкүн, Стамбулда аудитор болуп иштеп жүргөндө жумуш көп болгон учурда күнүнө 14-15 саатка чейин иштеп, үйгө түн ортосунда келген күндөрүм болчу.
Анан жумушту белгиленген күнү бүтүрүүбүз үчүн жеке жашоону дээрлик унутуп коюп иштеп, үйгө түнөгөнү эле келген убактарда Арстандын кайда жүрөсүң деп кызганбай, “карьераң үчүн кээ бир убакта ушундай эмгек кылууң керек” деп жумушумду жактырып, иштегим келгенин түшүнүү менен кабыл алып, бир да жолу көңүлүмдү оорутчу эмес деп бир канча жолу жазгам.
Түгөйүңдүн сага жасаган мамилеси, сени, сенин тандоолоруңду, жашоого болгон көз караштарыңды сыйлоосу сага да таасир берип, жакшы сапаттары жугуп, болгонуна ыраазы болуп, жөн эле карапайым жашооңду сапаттуу жашаганга үйрөтөт экен.
Мисалы, түгөйүңдү кызганбай, жакшы көргөн адамыңа толук эркиндик берип жашаганды акылман түгөйүң үйрөтөт экен…
Биз Арстан экөөбүз жаңы таанышып, сүйлөшүп жүргөнүбүздөн 1 жыл өтпөй экөөбүз тең жогорку окуу жайын бүтүп, мен Бишкектен жергиликтүү аудит фирмасы жумушка кирип, Арстан Түркияга магистратурада окуусун улантам деп 2 жылга Анкарага көчүп кеткен жылы эстесем менде силер сурап жаткан кызгануу, кызгануудан да мурун башкача бир таарынуу сезими болуптур.
Өзүмдүн үй бүлөм, окууну бүттүң эми турмушка чык дебегени менен, тууган-туушкандар, же жөн эле тааныштар “окууну да бүтүптүрсүң, кеч болуп кете электе турмушка чык, жигитим деп жүргөнүң кетиптир, сени таштап, чет өлкөдөн окуйм деп, сени алмак беле, сен ага маанилүү бири болсоң үйлөнүп алып сени ала кетет эле да, 2 жыл күтүп эмне кыласың, тап башка жигит” деп аябай маанайымды түшүрүшкөн.
Келечекке койгон максаттарыңа канчалык жетем деп, жигитиңди канчалык жакшы көрүп, ишенип, кийин кандай жашоо кургум келет деп баарына акылың жетип турса да баары бир 21ге жаңы чыккан жашсың да, жогорудагыдай тегерегиңдегилердин керексиз, ашыкча кеңештери сени айнытып, өзүңө болгон ишеничиңди ого бетер төмөндөтүп, эмне кыларыңды билбеген сымал абалга чейин алып келет экен…
Арстан эмнеге бүгүн жазган жок, анда агент дегенди колдончубуз жазышууларга, жана онлайн болгон турбайбы эмнеге жазып койгон жок деп өзүмчө эле кайгырып жаман болчумун.
Анын үстүнө ага чейин да үй бүлөлөрүбүз биздин мамилелерибизге бир аз аралашып, мамилелерибиз чачырап кете жаздап араң чогултканбыз, анан баары кошул-ташыл болду окшойт, элдин айткандары туура болуп жүрбөсүн деп, элдин керексиз кеңештерин уга калам деп Арстан менен кура турча керемет келечегимди талкалап ала жаздагам.
Анан бир аздан кийин, Бишкекте алган 8 миң сомдук айлыгым аябай аз болуп жатат, же жашаганыма же баскан турганыма жетпейт, жашаган батирдин айлыгын дагы деле мамам төлөп жатат, уялып бүттүм деп наалысам, Арстан Түркияга келип иштебейсиңби, сага жагат болушу керек деп сунуштаганынан эл аралык аудит фирмаларынын Түркиядагы кеңселерине жумушка тапшырып, экөөнөн жооп келгенинен, барсам болот турбайбы деп алгач барганда бир канча жашаганга жете тургандай акча алып көчүп кеттим.
Чет өлкөдө сени колдой турчу үй бүлөң, тааныш-туугандарың жок, Арстан экөөбүздүн бир-бирибизден башка эч кимибиз жок болгонунан, жөн эле кыз-жигит эмес, эң жакын дос, сырдаш, жолдош болуп калдык.
765 views16:54