2022-08-30 20:16:16
Аскербек устазды жооптуу, ары сооптуу кызмат орду менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Өлкөбүздүн төрт бурчуна ыйык ислам динин, адамгерчиликтин үлгүсүн, инсандык асыл сапаттарды жайылтууга опол тоодой салым кошуп келе жаткан тажрыйбалуу дин аалымы Акимбай уулу Аскарбек устаз "Адеп башаты" диний уюмунун республикалык башкармалыгына төрага болуп дайындалды.
Аскарбек агай Ош облусунун Ноокат районунда Бел-Өрүк айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылында төрөлгөн.
Египеттеги "Ал- Азхар" университетинин Шарият факультетинде билим алган. Андан кийин Кыргызстан эл аралык университетинин араб тил багытында бакалавр, И. Арабаев теология багытынын магистранты болгон.
Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында жана Ош, Бишкек шаарларында "Адеп башаты" диний уюмунун жетекчилик кызматтарында эмгектенген.
2019-жылдан баштап Ош шаарындагы "Калкожо Эшен", "Бадыр" жана "Ача- Мазар" мечиттеринде имам хатиби жана Ош облусунун мусулмандар казысынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.
2022-жылдан бери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү "Хажимат Хажы Ата" (Фисабилилла) мечитинде имам хатиб кызматын аркалап, элибиздин диний сабаттуулугун жогорулатууга жан үрөп келе жаткан.
Аскарбек устазга жаңы жооптуу кызматына албан ийгиликтерди каалоо менен бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бактыт тилейбиз.
"Адеп башаты"диний уюмунун жалпы жамааты.
413 views17:16