2022-09-24 18:27:46
#ТАЗАЛЫК
Ислам дининде «Тазалык» өзгөчө мааниге ээ. Ички дүйнөнүн да, сырткы дүйнөнүн да тазалыгы жөнүндө Куранда жана Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде кенен-кесири айтылган.
«Чындыгында, Алла тообо кылуучуларды жана (ар түрдүү ыпластыктардан) тазалангандарды сүйөт» (Бакара сүрөсү-222)
Мухаммед (саллаллааху алейхи ва саллам) да тазалыкка өзгөчө маани берип, өтө кылдат мамиле жасаган. Ал куттуу хадистеринин биринде: «Тазалык – ыймандын жарымы». (Муслим, Тахарат)
«Алла - таза, аруу! Ал тазалыкты сүйөт» (Тирмизи, Адаб, 41) деген. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) денени таза кармоодон баштап жашаган жеринин, айлана-чөйрөсүнүн тазалыгына чейин үммөтүнө ар тараптан эң сонун үлгү боло алган.
Эгерде өзүңдүн, үй-бүлөңдүн, тааныш досторуңдун айлана чөйрөңдө жашаган элдин ал-акыбалы, ден-соолугу чың болсо, анда адамдын бактылуулардан болуп саналат. Андыктан тазалык акциясына катышкан ар бир коңшу туугандарыбызга "Адеп Башаты" диний уюмунун атынан терең ыраазычылык билдиребиз!
243 views15:27