2022-10-04 15:27:07
"Адеп Башаты Жалал-Абад" коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан демөөрчү агалардын ынтымагын бекемдөө максатында футболдук мелдеш уюштурулду.
Мелдеш областыбыздын борбору Жалал-Абад шаарында өтүп, аталган мелдешке Жалал-Абад областына караштуу район-шаарлардан жалпы 6 команда катышты.
Жыйынтыгында "Адеп Башаты Жалал-Абад" коомдук прогрессивдүү фондунун мүдүрү Айтматов Ниязалы агай жалпы катышуучуларга мындан ары дагы ийгиликтерди каалап, ынтымак, биримдикте өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө салым кошууга, мамлекетибизди көздүн карегиндей сактоого чакырып, андан соң жеңүүчүлөргө кубок, мыкты оюнчуларга ар кандай даражадагы диплом-медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
I орун Токтогул району
II орун Шамалды-Сай шаары
III орун "Ак шумкар" (Жалал-Абад шаары)
306 views12:27