Get Mystery Box with random crypto!

Республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жогорку к | Салык кызматы / Налоговая служба

Республиканын жалпы билим берүүчү орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары үчүн салт болуп калган салык сабаттуулугу боюнча сабактарды өткөрдүк.

Сабактар салык салуу жаатында мектеп окуучуларынын билимин кеңейтүүгө, жаңы түшүнүктөр менен таанышууга, ошондой эле салык кызматына болгон көз карашын оң жагына калыптандырууга жардам берди.

Атап айтканда, кызматкерлерибиз И.В.Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясы автордук окуу-тарбия комплексинин окуучуларына салык салуу чөйрөсүндөгү жаңылыктар, салыктар боюнча жеңилдиктерди жана салыктык чегерүүлөрдү берүү тартиби, өлкөнүн бюджетине салыктарды ким төлөөгө милдеттүү экендиги, бюджетке түшкөн салыктар кандай максаттарга кетээри тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле, окуучулар салык кызматынын расмий сайтында иштеп жаткан электрондук сервистерди кантип колдонууну үйрөнүштү. Андан сырткары, аларга Кыргызстандын салык тутумун, салык органдарынын иштөө чөйрөсүн жана аларга жүктөлгөн функцияларды түшүндүргөн видео сабак көрсөтүлдү.