Get Mystery Box with random crypto!

Талас облусунун салык төлөөчүлөрүнө салык жол-жоболорундагы жа | Салык кызматы / Налоговая служба

Талас облусунун салык төлөөчүлөрүнө салык жол-жоболорундагы жаңылыктар жөнүндө семинар-кеңешме өткөрдүк.

Жалпы окутуу облустун 240 салык төлөөчүсүн камтыды.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга Салык кодексинин негизги ченемдери жана жоболору түшүндүрүлүп, жаңы салык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык бекитилген Министрлер Кабинетинин токтомдору менен тааныштырылды.

Ошондой эле, салыкчылар отчетторду жана эсептешүүлөрдү тапшырууда келип чыккан техникалык маселелер боюнча түшүндүрмө берип, салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна жооп беришти.

Окутуучу тренингдер салык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн салык кызматы тарабынан өлкөнүн ар кайсы аймактарында уюштурулат жана мындан ары да улантылат.