Get Mystery Box with random crypto!

Карызы бар 1 миңден ашык салык төлөөчүгө карата чектөө чаралар | Салык кызматы / Налоговая служба

Карызы бар 1 миңден ашык салык төлөөчүгө карата чектөө чаралары көрүлдү

2022-жылдын 1-июнуна карата сот аткаруучулар кызматы салык органдарынын арызынын негизинде жалпы 7 млрд 683,9 млн сом суммасында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1001 салык төлөөчүгө карата алдын алуу чараларын көрдү.

Алдын алуу чараларынын катарында республикадан чыгуу менен байланышкан чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар бар.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 251 салык төлөөчү жалпы 42,3 млн сом суммасында карызын жойду.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү жагымсыз укуктук аракеттерди болтурбоо үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын өз убагында төлөөгө чакырат.

ТОЛУК МААЛЫМАТ