Салык кызматынын «ЧЕК ТАЛАП КЫЛЫП, БАЙГЕ УТУП АЛ!» лотереясына кантип катышса болот?
Төмөнкү жөнөкөй нускаманы аткарыңыз:
№1 кадам: «Салык чек» мобилдик тиркемесин көчүрүп алыңыз
№2 кадам: Тиркемеге катталыңыз
№3 кадам: Ар бир сатып алууда кассалык чекти талап кылыңыз жана QR-кодду сканерден өткөрүңүз
Катышуучу сканерленген чектин ар бир 1000 сому үчүн лотереяга катыша турган 1 уникалдуу ID-билет алат.
Лотереянын биринчи этабы 1-июлда Ала-Тоо аянтында ойнотулат.
Катышыңыздар жана байгелерди утуңуздар!
Лотереянын расмий сайты: lottery.salyk.kg