Get Mystery Box with random crypto!

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси: 1. Ар бир | ПОЛИТ УЗНИК

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренеси:
1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.
2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.
3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес.

Ошол эле баш мыйзамдын 33-беренесинде:
1. Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны ооз эки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.

Эскерте кетсек, 2 айдан бери оор берене менен айыпталып камакта отурган саясий туткун Ырыскелди Жекшеналиев 2020-жылдагы президенттик шайлоо агитациясына колдонулган мурдагы УКМК башчысы Абдил Сегизбаевдин видео-кайрылуусун эч өзгөртүүсүз өзүнүн «Полит Узник» (саясий туткундар) баракчасына чыгарган. Ал эски видеону чыгаргандыгы үчүн айыпталууда.

Эскерте кетсек, Абдил Сегизбаев камакка алынганда ага бул видео боюнча эч бир кине угузулган эмес. Кызык жагдай...