Get Mystery Box with random crypto!

Саясий туткун Ырыскелди Жекшеналиевди 2 айга камакка алуу чечи | ПОЛИТ УЗНИК

Саясий туткун Ырыскелди Жекшеналиевди 2 айга камакка алуу чечимине негиз - «анын инсандыгы документалдуу түрдө такталган жок», - делет. Биринчиден, бул таптакыр чындыкка дал келбейт, Ы.А. Жекшеналиевдин инсандыгы аныкталган документ, анын ID паспорту ишке тиркелгендиги анык. Экинчиден, эгерде Ы.А. Жекшеналиевдин инсандыгы аныкталбаса, анда сот кимдин башкоргоо чарасын караган жана кимди камакка алган?

«Өздүгү жана жашаган жери аныкталбаган» - дегенге кайпылсак. Анда милиция кызматкерлери кимдин үйүн тинтүүгө алып, кимдин апасынын компьютерин алып кеткен?

Бул Ырыскелди Жекшеналиев айткандай - маразм, идиотизм да?! Ал эми бул ишке катыштыгы барлар - идиоттор жана маразматиктер да?!

Сөз (02.09.2022) Бишкек шаардык сотунда анын жактоочусу К. Турдалиев сүйлөгөн сөздөн алынып, өзгөртүүсүз берилди