Get Mystery Box with random crypto!

Поэзия дүйнөсү📝🌺

Telegram каналынын логотиби poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺 П
Telegram каналынын логотиби poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺
Канал дареги: @poeziaduinosu
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.15K
Каналдан сүрөттөмө

🌼Поэзия ыргактары
🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр
🌼Жон эле ойлор
🌼Цитаталар
Суроолор боюнча админ:
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim
Катталыңыз.
https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 7

2021-05-29 16:55:47
249 views13:55
Ачык / Комментарий
2021-05-28 19:22:15
218 views16:22
Ачык / Комментарий
2021-05-28 14:41:47
Кичинекей кыял менен көптү самап,
Кичинемде жатчу элем көктү карап.
Каалоолорум бүтпөй улам келе берет,
Каалгып кетет, булуттай кайра тарап.

Ошондогу назиктиги көңүлүмдүн,
Оюнга толгон чагы өмүрүмдүн.
Орунсуз дүйнө сен өзгөрттүрдүң,
Оюма келбегенди көрсөттүрдүң.

Жалаасыз жазмышка башты ийип,
Жашоодо көптү билип, азды билип.
Жайма-жай, шайма-шай тартып арабаны,
Жашайбыз ыймандан чыгып, бир кирип.

Жөн эле жакшы жашап өтөлүчү,
Жер эле биздейлерди көтөрүүчү..

Билалова Бегаида 28.05.21
272 views11:41
Ачык / Комментарий
2021-05-27 16:28:52 КАНТИП АЙТАМ?...

Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе !

Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!

Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!

Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон!

Ташты сыгып, тарыхты төккүм келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!!!


Алтынбек Исмаилов.
403 views13:28
Ачык / Комментарий
2021-05-26 19:14:55 БИРИК КЫРГЫЗ!

Улут белек, уңгусу билинбеген,
Уруу белек, уюгу бириңдеген.
Уюткусу жок беле, жети атаңдын,
Улуулугун боюна сиңирбеген.

Бөркү баштан түшпөгөн бийик кыргыз,
Көркү шамдай жаркыган билик кыргыз.
Бөлүнгөндө бүлүнөт бүтүмдүгүң,
Бөлөктөргө жем болбой, бирик кыргыз!

Тегиң жаман болчу го тентип кеткен.
Тексиздердин артынан ээрчип кеткен,
Мезгилдери болгонбу бабалардын.
Мекенинин бир бурчун кемтип кеткен,

Сайдын ташын сатпаган тирик кыргыз,
Салтын бийик сактаган жигит кыргыз!
Сан миң жылды карыткан тарыхың бар,
Сай — сайларга бөлүнбөй бирик кыргыз!

Наадан белең тегиңдин тилин бузган,
Найнык белең элиңдин тилин бузган,
Ырксыз белек, ырысы ыдыраган?
Ынтымактуу журтумдун жыйын бузган.

Намысыңды, наркыңды билип, кыргыз,
Нагыз улуу дүйнөңө кирип кыргыз.
Кокту-колот жериңди койо туруп,
Кол башында муштумдай бирик кыргыз!

Эл ичинде эрлери качкан жаман,
Жең ичинен жерлерин саткан жаман.
Күлкүсүнөн күйүтү арбын болуп,
Күндүз күнү карайып баткан жаман.

Кайра башты каныңа сиңип кыргыз,
Кастарыңды башкага тигип кыргыз,
Кайырчыдай жер кезип жүрө бербей,
Кадырыңды кетирбей, бирик кыргыз!

Садага чаап салтыңды кечкен болбойт,
Келечектин кендирин кескен болбойт.
Ыйман, абийир, арыңды сыйрып салып,
Ырыскыңды ыгы жок тепкен болбойт.

Бууданыңды кайрадан минип кыргыз,
Бүт милдетти мойнуңа илип кыргыз,
Башкаларга кол сунуп жалдырабай,
Байрагыңдын түбүнө бирик кыргыз!

Жер карабай желкени түздөгүлө!
Биримдиктин билегиң күчтөгүлө!
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.

Турпагыңа белгиңди чийип кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик кыргыз,
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик кыргыз!

Бирик кыргыз!


Мирлан Самыйкожо.
466 views16:14
Ачык / Комментарий
2021-05-24 18:42:13 Сүйүү саптарын окуугуңуз келеби ?
90 views15:42
Ачык / Комментарий
2021-05-24 18:40:04 АТА-ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу... бороон улуп, кар уруп...
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Түндөр жаман... кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп...
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

Жазда башка... Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!


Алыкул Осмонов.
24/X–1948 Чолпон-Ата
91 views15:40
Ачык / Комментарий
2021-05-23 15:22:36 МЕКЕНИМ, САГА КЕЛДИМ!

Алоолонгонот болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн. Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей,
Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

Мекеним, сага келдим!

Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз,
Кыйын күндө кармаган туу колуна.

Мекеним сага келдим!

Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпай,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,
Ар ишимди "аттиң" деп баштабаймын.

Ар бир кыргыз Туулуш керек, акыйкат кураганы,
Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!

Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!


Акбар Кубанычбеков.
207 views12:22
Ачык / Комментарий
2021-05-22 18:13:45 ЧАЧЫҢ СЕНИН…

Чачыңда нарк бардай жогорку
чачыла жаздап – шарт оңолчу.
Ичиңе каткын бүт сырды – деп,
ич жакка ийилчү, оролчу.

Кайрыгы баштанчу ырлардын,
кайталап сен аны ыргалдың.
И-ий, жүзүң жарк этчү чач жарып –
ичинен чыккандай ыймандын.

Кылчайсаң чачтарың жалт берип,
кызыкты сүрөткө тарт дедик.
Ойондор артыңдан селейчү
оозуна шерт келип, ант келип!

Сезимдин сиңдиси – чач-жалын
серпилтип кооздочу жаш чагың.
Чабагы баштанып опокшош
чабаган атуучу каштарың!

Бакыттын жайнаткан чачыла
байланган баштанчу чачыңа.
Сүлкүлдөп турган ал кезиңди
сүрөттөп туруучу ашыра.

Оң бетиң астына салынып,
сол бетиң үстүнө жамынып –
кырыңдан жатканда – кетчүсүң
кылымдар кыйрына агылып.

Чач-уя ичинде түш ашып…
чалкыган сезимде күч ашып…
Түнү да чачыңдын бир учу
туруучу күндүзгө туташып.
Бир учу кайрылып эрдиңде…


Кожогелди Култегин.
97 views15:13
Ачык / Комментарий