Get Mystery Box with random crypto!

Поэзия дүйнөсү📝🌺

Telegram каналынын логотиби poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺 П
Telegram каналынын логотиби poeziaduinosu — Поэзия дүйнөсү📝🌺
Канал дареги: @poeziaduinosu
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.15K
Каналдан сүрөттөмө

🌼Поэзия ыргактары
🌼Жүрөктөн чыккан сөздөр
🌼Жон эле ойлор
🌼Цитаталар
Суроолор боюнча админ:
@UlukbekTalkanbaev
@erkinbek_kyzy_meerim
Катталыңыз.
https://t.me/joinchat/WVoq9GlX9Df5eKpn

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 6

2021-06-23 17:44:55 Салам досум!
Кызыктуу каналдар топтомун издеп жаттың беле?
Катталууңду күтөбүз.
Жайкы эс алууңду көңүлсүз өткөрбө.
80 views14:44
Ачык / Комментарий
2021-06-20 05:49:50
Ассаламу алейкум достор! Кутман таң! Ушул сыяктуу графиканы жасатууну каалагандар @asylbek_creative иниме кайрылсаңыздар болот. Сүйүү саптары каналынан десеңиздер,арзандатуу менен жасап берет. Кайрылыңыздар.
316 views02:49
Ачык / Комментарий
2021-06-18 16:02:16 Эң мыкты каналдар топтому
282 views13:02
Ачык / Комментарий
2021-06-07 20:22:35 САГА АЙТКАН СӨЗ

Жыргалдын арт жагында кууралы бар,
Кууралдын арт жагында жыргалы бар.
Карды ачса кай бирөөлөр ток болбойм деп,
Жашоодон үмүт үзгөн урганы бар.
Ток болсо, токмун дайым, жок болбойм деп,
Керсейип кесир сүйлөп турганы бар.

Күлкүнүн арт жагында күйүтү бар,
Күйүттүн арт жагында күлүшү бар.
Ээрчишип жүрө берет кезектешип,
Мезгилдин күнү менен түнү сымал.
Барда бай, жокто бардай жашай билип,
Заманга салым кошуп, үлүшүң ал.

Турмушка туткун болсоң чабалдыгың,
Көрө бил жакшылыгын, жамандыгын.
Адамга кылча болбой арамдыгың
Заманга тоодой болсун адалдыгың.
Дүйнөдө тири өлүктөй жүрө берсең
Сөз эмес адамдыгың, амандыгың.


Байдылда Сарногоев.
200 views17:22
Ачык / Комментарий
2021-06-04 15:03:11 Сен болбосоң кереги не каректин,
Кереги не дайын менен даректин.
Таңдан кечке сени гана ойлонуп.
Таңдан кечке сени менен алекмин.

Сен болбосоң кереги не түнүңдүн,
Кереги не эртеңкинин, бүгүндүн.
Кереги не катуу менен жумшактын,
Кереги не ачуу менен шириндин.

Сен болбосоң кереги не таңыңдын,
Кереги не эски менен жаңыңдын.
Кереги не жарыкчылык, турмуштун,
Кереги не тааныш-билиш, тамырдын.

Сен болбосоң кереги не жериңдин,
Кереги не ата-баба тегиңдин.
Кереги не асман менен айыңдын,
Кереги не кудай менен теңирдин.

Сен болбосоң кимге менин күлгөнүм,
Сен болбосоң кимге өмүр сүргөнүм.
Кереги не кеңирсиген ааламдын,
Кереги не кербезденген дүйнөнүн.

Сенсиң менин көңүлүмдүн чордону,
Сенсиң менин өкүмдарым ордолуу.
Өөдө-төмөн кетип турган заманда,
Өксүк билбей өмүр сүрсөң болгону...


Калчоро Көкүлов
300 views12:03
Ачык / Комментарий
2021-06-02 18:01:32 БИР КҮН

Бир күн келет сени ааламга жетелеп,
Бир күн берет бакытыңды эселеп.
Бүтөлгөндөй туш тарабың жылчыксыз,
Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп.

Бир күн сызып, самолёттой барат шуу,
Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу.
Бүт баардыгы жайланышып калганда,
Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу.

Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң,
Бир күн менен эки жүрөк кошулган.
Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп,
Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан.

Бир күн минип зуулдаган учкан ат,
Бир жыл күткөн бала жытын жыттатат.
Бийигинде жүрсөң дагы асканын,
Бир күн өтүп, өмүр аздан кыскарат.

Бир күн келет ажал сурап атаңды,
Бир күн келет өлүм тооруп апаңды.
Болсо болоор… бирок кечтен берсинчи,
Бир күн үчүн миң күн тартчу капамды…

Бир күн болот үмүтүңө шам чырак,
Бир күн жомок ак боз атын камчылап.
Бир байрагын көтөрө албай сүйүүнүн,
Бир күн менен бүт сезимдер жанчылат.

Бир күн аалам кубанычка толтурган,
Бир күн жаман жакын бооруң жок турган.
Билиги өчүп калыш үчүн үмүттүн,
Бир күн арсыз душман менен дос кылган.

Бир күн кээде оору берсе жок чыдам,
Бир күн жолуң көрүнбөгөн боз туман.
Бүгүн дагы кагаз карап үңүлүп,
Бир күн менен ыр бүтүрүп олтурам.

Бир күн акыр кыяматы келет дейт,
Ал күн катаал, коркунучтуу, мерез дейт.
Ар амалын өмүрүңдүн кылынган,
Бир күн калбай периштелер эсептейт.

Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп,
Бир күн күйүп, алоолонгон от болот.
Биз адамдар ыйман гүлүн соолутсак,
Бир күн менен бул жер жүзү жок болот.

Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат,
Бир күн келип, күткөн жандар табышат.
Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө,
Бир күн келсе, бизди алып барышат.


Акбар Кубанычбеков
171 views15:01
Ачык / Комментарий
2021-06-01 19:39:12 БӨБӨККӨ

Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышын, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш түбү калың болсо да
Керек жерин жара тээп кирерде.

Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.

Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм
Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн.
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.

Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө
Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.

Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө
Ошончолук кымбаттардын ичинен
Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.

Сулуу тоолор, көркөм көлдөр четинде,
Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө,
Жер аңкыган ошончо жыт ичинен
Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.

Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин, бир боор тууган ата-эне,
Ошончолук көп шириндин ичинен
Атасы үчүн андай ширин жок эле.

Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.

Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон.
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.

Кетти бөбөк жанаа гана бар болгон,
Жарык таанып жаңы гана ойгонгон.
Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,
Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.

Бар болсо экен картайганда көргөнү,
Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.

30/ХI–1940 Койсары


Алыкул Осмонов.
220 views16:39
Ачык / Комментарий
2021-05-30 19:29:45 мотивация
асыл ойлор
электрондук китептер
аудио китептер
окуялар
https://t.me/Raushanbek0vna
297 views16:29
Ачык / Комментарий
2021-05-30 15:36:43
334 views12:36
Ачык / Комментарий