2022-04-27 22:55:38
КАДЫР ТҮНГӨ ДУБА.
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин да билип-билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Үй-бүлөмдүн, бала-чакамдын күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Ата-энемдин, чоң ата-чоң энемдин, таята-таянемдин жана алардын ата-энелеринин күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Бир туугандарымдын, алардын уул-келин, кыз-күйөөлөрүнүн күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Таеке-таэжелеримдин, алардын уул-келин, кыз-күйөөлөрүнүн күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Жоро-жолдошторумдун, кошуналарымдын жана алардын бардык жакындарынын күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Мен үчүн жашыруун дуба кылган жана менден дуба кылуумду суранган мусулман бир туугандарымдын күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Өтүп кеткен жакындарыбыздын жана мусулмандардан дуба үмүт кылган жалпы маркумдардын күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин устаздарымдын, кесиптештеримдин, шакирттеримдин күнөөлөрүн кечир!
Аллахым! Сен - Кечиримдүүсүң, кечиргенди жакшы көрөсүң. Менин ушул дубамды окуп “амин” деп алакан жайган бардык мусулман бир туугандарымдын күнөөлөрүн кечир...!
4 views19:55