Кутман кеч, Чөйрөчүлөр! «Чөйрөдө» жакшы жаңылыгыбыз бар. Кыр | Aidana Tech Talk
Кутман кеч, Чөйрөчүлөр!
«Чөйрөдө» жакшы жаңылыгыбыз бар.
Кыргызстанда, Барскоондо «Чөйрө Жаратман Борбору» ачылып жатат.
⠀
Борбордо:
Компьютердик сабаттуулук, веб-сайттарды түзүү жана IT тармагы боюнча онлайн, оффлайн окутуу болот.
Веб-студия ачылат
Атайын менторлор окутушат
HTML, CSS, JS курстары 3 айдан 9 айга чейин окутулат, төлөмдөр келишимдин негизинде.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 10 акысыз орун берилет.
Эң жакшы окуп бүткөн студенттерге сертификат берилип, стажировкага конкурстун негизинде кабыл алынат.
⠀
Сиздер үчүн:
Ноутбукттар
Кубаттуу интернет
Ыңгайлуу кеңсе
Каалоочулар жазылсаңыздар болот.12 жаштан баштап кабыл алынат.
21-ноябрда алгачкы санарип сабагы өткөрүлөт.
⠀
Барскоондогу «Чөйрө Жаратман Борборунун» координатору Нуржамал Эралиева айым борбордун ачылганына Азамат Токтакунов агайга ыраазычылык билдирип, «Борбор биздин айылда ачылганы - асмандан издегенибиз жерден табылды десек болот. Келечекте биздин борбордо жаратмандар-стартапттар жаралат деген чон ишеничим бар. Биздин борборго кош келиңиздер!»-деп белгилей кетти.
⠀
Дареги: Барскоон айылы, Ленин көчөсү, 131
⠀
Суроолор боюнча:
0552871785 (Ватсап, Телеграм)
0706871785
rost.barskoon@gmail.com
⠀
- - -
Сүрөттөр: Нуржамал Эралиева
Видео: Гулира Калыкова
Дизайн: Азамат Токтакунов
Текст: Гүлназ Шаршеналиева
SMM: Шайыргүл Манапова