Арыбаңыздар, достор!
Жолугушуу рубрикабыздагы кызыктуу маектер уланып, ар кыл кесиптин ээлерин конокко чакырып, сиздер менен тааныштырып турмакчыбыз.
Кезектеги
мейманыбыз Азиз Төрөкулов (https://www.instagram.com/azizwoodworks/) болмокчу. Азиз мырза - жаратман, жыгач устасы, «Тез там» курулуш фирмасынын негиздөөчүсү. Учурда заманбап бешик үй, жыгачтан этно стилдеги эмеректерди жасап, сип панелден боз үй, жер үйлөрдү куруу менен эмгектенет.
Өзүн төмөндөгүдөй сүрөттөйт:
«Мен көп ойлонуп, көп кыялданган адамдардын катарын толуктайм. Жаңыча ойлонуп, жаңылык киргизгенди жактырам.
“Жан кыйнабай мээни иштетип, акыл менен акча тап, ийгилик жарат!” деген принципти карманам.
Максатым - Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.»
Чөйрөчүлөрдө азыртадан эле көптөгөн суроолор пайда болду окшойт
Анда эмесе,
15-ноябрда, кечки саат 21:00 дө бул кызыктуу жолугушууда сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз.
Айтмакчы, жолугушуу Инстаграмда Live түз эфирде өтөт.
Алып баруучу: Каухар Тайиева