Get Mystery Box with random crypto!

Айыл таңы Күн чыкканда тоо башынан сүйүнүп, шар башталат айыл | Кыргыз акындарынын ыр саптары

Айыл таңы

Күн чыкканда тоо башынан сүйүнүп,
шар башталат айылымда тирүүлүк.
"Бакыт" деген балким ушул жакта – деп,
таранчылар учуп келет сүрүлүп.

Аңгычакты корооз чыгып кыйкырат,
аны коштоп кишенелейт буурул ат.
Мен да аманмын деген өңдүү ымыркай,
бешигинде эмчек сурап чыңырат.

Көчөлөрдөн талаа көздөй мал каптайт,
туягынан сапырылган чаң каптайт.
Бада, кезүү сай суусуна баш урса,
байый түшүп, суунун шары алдастайт.

Короолордон мал чууруса күтүрөп,
тынч өткүлө! деген сыңар ит үрөт.
Карып калган арык, кара кашка уй,
отко жөнөйт болушунча күч үрөп.

"Тактак" этип кадамы аттын ташталат,
темир така талкан кыла таш жарат.
Таң эртеде ойгонгондо адамга,
таң ушундай татынакай башталат.

Болот Мамбетисаев