Get Mystery Box with random crypto!

ОРОЗОДОГУ ТИЛЕКТЕР Оң көзүнүн, кырын салып кудайым, Эч убакта | Кыргыз акындарынын ыр саптары

ОРОЗОДОГУ ТИЛЕКТЕР

Оң көзүнүн, кырын салып кудайым,
Эч убакта, тарттырбасын убайым.
Кыргызыма, ырыс тилеп ар качан,
Тизе бүгүп, жалынайын сурайын.

Мурдагыдай, эркин жашоо келсин деп,
Жалпы журтум сыноолорду жеңсин деп,
Дуба кылып, жараткандан суранам,
Бөксөрбөгөн, бакыт- таалай берсин деп,

Кыргыз болуп, келиптирбиз жаралып,
Асмандагы, жылдыздардай саналып.
Тилектерин, орозодо бере гөр,
Башын ийип сурап жатат калайык.

Жайдамазга, башты коюп турабыз,
Куранды окуп, ибадатын кылабыз.
Жараткандын, нуру менен төгүлүп,
Кең ааламды, жаап турсун кубаныч.

Улук айда, баарыбызга бак берсин,
Оору-сыркоо, алыс кетип шат келсин.
Ар пенденин, тилектери орундап,
Кең пейилдүү, кыргызыма бап келсин.

Адам деген, атты коюп жогору,
Тирүүлүктүн, биз экенбиз коногу.
Бул жалганда, эч ким калбайт түбөлүк,
Бараар бейиш, тизмесинде бололу.

Автор:Клара Ниязова
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин жетекчиси
Бишкек шаары
12.04.2022 жыл.