Get Mystery Box with random crypto!

​ Иштеген маанилүү, эс алуу андан да маанилүү АйТи тармагы | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Иштеген маанилүү, эс алуу андан да маанилүү

АйТи тармагына киришкенден бери, кичине бир жыйынтык көрсөтүп алалы, АйТи тармагынын адисимин деп айтканга татыктуу бололу деп тытына берип, эс алуу эмне экенин унутуп калгандаймын.

Көпчүлүк учурда, эс алуу десе эле, Маямиге, Гаваиге барып, же Ыкыс-Көлдө пляжда жатууну ойлойбуз. Негизи адам эс алуу боюнча деле өзүн туура табышы керек экен.

Мен мисалы, жеке өзүм жолу жүрүүдөн абдан ырахат алам, жан дүйнөм жыргап, болгон стрессим чыгып калат. Ал эми менин үй-бүлөм көпчүлүктөн алыс, тынч жерде өзүбүзчө калганда абдан бактылуу болуп, сүйүнүп калышат. Демек эс алуу деле, кесип тандаган сыяктуу, ар бир адамдын жеке табитине, кыял жоругуна, аң сезимине жараша тандала турган нерсе экен.

2 жылдан ашык убакыттан бери, компьютерден башты көтөрбөй иштей берип, быйыл аш-тойлордун шылтоосу менен айылда 10 күндөй болуп келдик. Бир тараптан жол жүрүү болду, экинчи тараптан көптөн бери айылга барбай, айылдан кыйла алыстап калыптырбыз, күндүз кадимкидей айылдык бала болуп, айыл жумуштарын кылып, кечкисин кайрадан АйТи тармагындагы жумуштарыбызды токтотпой иштеп жаттык.

Бул эс алуу ушунчалык ырахат тартуулады, себеби эки жактын тең ишин калтырбай аткарып жатканыбыз бизге абдан жакты. Ооба, албетте бир тарабы бир аз аксады, анткени убакыт экиге бөлүндү, жана концентарция дагы бузулду дегендей, бирок ошентсе дагы абдан сонун энергия топтоп кайттык.
Кайтып келип, ишке берилип, сонун иштеп жатсак, Сүйүн Откеев байкебиз “Курьер” деген көркөм тасмасынын бет ачарына чакырып калбаспы. Кечээ анан ал киного келинчегим экөөбүз бардык. Кино башталганча бир аз сейилдеп туралы деп атайын эрте барганбыз, барып эле “Манас” кинотеатрынын алдында турсак, эски кесиптештер тобу менен “Байкуш” кинотасмасына кирип жатышыптыр, 2 билетибиз ашык болуп жатат дейт, “Курьерге” чейин аны да көрүп жетишип салдык.

Эми “Курьер” көркөм тасмасына келе турган болсок. Бул кинону көрүүдөн чынында ырахат алдык. Абдан эс алдык. Себеби, классикага айланган Кыргыз кинолорунан айырмаланып, башкача бир жанрда тартылыптыр. Бул жанрдын атын билбейт экенмин, балким кино тармагына кызыккандар билеттир.
Мафия, наркотика, уруш, ошол эле учурда коркок бир адам, айрыкча сөөктү көргөндөн корккон баш каарманыбыздын күнү бою эң корккон нерсесинин кайра-кайра башына келе берүүсү адамды күлдүрүп да, коркутуп, дагы эмне болуп кетет экен деген бүтпөгөн интрига менен келип, 3 тараптан башталган окуянын бир жерге чогулуп калышы абдан кызык экен.

Кыскасын айтканда, кинону көрүүнү баарыңыздарга сунуштайм, мен болсо бул аралыкта абдан жакшы эс алып койдум, эми иштейин. Иштеген канчалык маанилүү болсо, эс алган андан да маанилүү, себеби, адамды “выгораниеден” иштен тажап, күйүп кетүүдөн алыстатат. Эс алуу – адамды кайрадан дем күч менен иштөөгө түртөт. Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өзүңүзгө жана өлкөңүзгө пайдалуу инсан болуңуз. Керек болсо эс алууңуз да сизге ийгилик алып келсин!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 6-октябрь, 2022-жыл.