Get Mystery Box with random crypto!

​ Баткендик 25 жаранды акысыз окутуу. Өлкөбүздүн өнүгүүсү | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

​ Баткендик 25 жаранды акысыз окутуу.

Өлкөбүздүн өнүгүүсү биздин, ар бирибиздин билим алуубузга жана өнүгүүгө карай аракет кылуубузда экенин ар жазган макаламда баса белгилеп айта берем. Дагы да ошону кайталап айтам.

Урматтуу окурманым, Баткенде же башка жакта кандайдыр бир кыйынчылык болсо, чек арадан болсун, табияттан болсун жамандыкты кайдан деп болбойт, анан ар кыйынчылыкта эле тамак-аш ташый бербей, ошол чек ара аймактагы жарандарыбызды билим менен камсыз кылууну колго алалы.
Биз бул ирет, Баткен облусунда жашап жаткан 25 жаранды акысыз окутууга алабыз, жана аларды Кудай буюрса жок эле дегенде 1000 долларлык айлык менен жумушка киргизүүгө аракетибизди кылабыз. Билим берүүбүз ошону менен токтоп калбайт, Кудай буюрса дайыма улантабыз.

Биздин бул иш-чарабызды колдоого жана ушундай жакшылыктарды кылууга бардыгыңыздарды көмөктөшүүгө чакырабыз.

Сиз бизге жана мекенибиздин билимдүү келечегине кандай көмөк кыла аласыз?

Эң алгач ушул маалыматты стористе, ватсапта, телеграмда жайылтып, бизди белгилеп коё аласыз, экинчиден окуйбуз деген каалоочулардын ичинде ноутбугу жок, интернетке шарты жок адамдар чыгып калышы ыктымал, ошолорго ноутбук алып бере аласыз, интернет менен камсыздай аласыз.
Бул окутуунун баасы ар бир адамга жалпы чыгашасы 90 миң сомду түзөт, ошол чыгымдарды жабууга жардам бере аласыз. Жок дегенде бизге жакшы тилек кылып, Кудайдан бизге бакыт тилей аласыз.

Эми болсо, курсту окуунун шарттары:

Баткен облусунун тургуну жана учурда ошол жакта жашап жаткан болуусу;
17-18 жаштан жогору болуусу;
Ноутбук жана үзгүлтүксүз интернет болуусу;
Англис тилин билсе, кошумча артыкчылык болот;
Биздин ушул макаланы инстаграмга пост катары чыгарып бизди белгилөө;
Стористке чыгарып биздин төмөндөгү аккаунттарды белгилөө;
Профилдеги шилтеме аркылуу кирип, форманы толтуруу;

Урматтуу окурманым, кабыл алуу 3 этап менен өтөт. Алгач жогорудагы шарттарды аткаруу, бул шарттарды аткарган 50 адам 1 этаптан өтөт, 2-этапта ар бири менен жеке баарлашуу жана 3-этапка тапшырма берилет, 3-этаптан өткөндөр гана кабыл алынат.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 24-сентябрь, 2022-жыл.