Get Mystery Box with random crypto!

КАРА КӨЗ АЙНЕКЧЕН СУЛУУГА Жашырыпсың көзүңдү тийген Күндөн, Ж | Кыргыз Поэзиясы

КАРА КӨЗ АЙНЕКЧЕН СУЛУУГА

Жашырыпсың көзүңдү тийген Күндөн,
Жамалыңа нур берип сүйгөн Күндөн.

Гүлдөр сенин көзүңдү карап калчу,
Куштар көрүп көзүңдү канаттанчу.

Бир көрсөм деп асманда токтоп булут,
Кайра жылат көзүңдү жоктоп туруп.

Көз айнекти башкалар тагынышсын,
Сен тагынып эмнеге жаңылыштың?

Сенин көзүң тоо көлү таза турган,
Көз эмес да башкадан ката турган

Көңүлүмдү эргитип күлмүңдөгөн,
Көзүңдө эле үмүтүм бүлбүлдөгөн.

Көйкөлөйүн көз нуруң жамынайын,
Көз айнексиз карачы кагылайын…

Сооронбай ЖУСУЕВ