Get Mystery Box with random crypto!

Акыркы эки жылда жөн терим менен түшүнгөн нерсем ушул. Эң кымб | ЖИГИТ БОЛ❗️🦾

Акыркы эки жылда жөн терим менен түшүнгөн нерсем ушул. Эң кымбат нерсе бул бекери. Акемдин жанында жүрүп сүрөттө турган буюмдарды бекер колдоно берет элем. Жүрүп-жүрүп кудай мага акыл, күч, энергия, мүмкүнчүлүк берген соң ар бир нерсени сатып эмнеге албайм деген ой келди. Ошондон баштап болгон күч аракетим бекер албаганга жана арзан албаганга жумшалууда. Бир гана учур бар. Кылган жумушуна акча албай койгон дос балдарым бар. Берсем да албайт. Бирок аракет кылам мен дагы ал жакшылыгына жакшылык кайтарайын деген. Качан мен өзүмө иштетилип жаткан нерселерге төлөп баштагандан кийин акча маселеси ордуна түшө баштады. Тактап айтканда финансылык акыбал өстү. Байып кеткен жокмун бирок көп нерсени сатып ала аларымды көрдүм. Бул өзүңө болгон ишенимди көбөйтөт. Азыркы учурда 5-10сомдук нерсе болобу акчасын бергенге аракет кылам. Аллага шүгүр. Арзан жана бекерге көнбөгүлө бул силердин абройуңарды өлтүрөт жана жок кылат. Ошого кыргыз айтат: “Бекердин тузу татыбайт”.