Get Mystery Box with random crypto!

Идиште эмне толуп турса , ошол төгүлөт. Таттуу ширин толуп тур | ЖАРКЫН ЖАШОО

Идиште эмне толуп турса , ошол төгүлөт. Таттуу ширин толуп турса, чайпасаң таттуу ширин төгүлөт, ачуу шарап толуп турса, шарап кана төгүлөт.
Адам дагы толуп турган идиш сыяктуу. Ичинде эмне көп болсо, ошол гана төгүлөт. Кокустан көчөдөн бирөө жөөлөп кетсе же маршруткадан бутуңарды басып алса биринчи кандай реакция кыласыз? Жубайыңыз же балдарыңыз туура эмес сүйлөп алса, оозуңуздан кандай сөздөр атып чыгат? Эгер дароо жинденип урушуп кирсеңиз, анда сизде агрессия толтура, ал ташып баштаганын сезиңиз.
Кээ бир адамдар жылмайып кана коёт, түшүнүү менен кабыл алат, атайын кылбаганын көрө билет. Демек ал адам жакшы сезимдерге - боорукерликке, адамгерчиликке, мээримге толгон десек болот.

Жаш официанттар кафе, ресторанда сизге кокус бир нерсе төгүп алса,
бирөө бутуңузду басып же жөөлөп кетсе жылмайып кана коюңуз. Балаңыз туура эмес сүйлөп алса же сындырып алса, бекем кучактаңыз. Эсиңизде болсун, сиздин биринчи реакцияңыз ичиңизде эмне толуп турганын билдирет.
Баарыңарда ушундай жагдайлар албетте болгон, сизди далай эле кокусунан "чайпашса" керек. Эми чын айтсаңыз, ошондо сизден эмнелер "төгүлдү" болду экен? Пикир калтырыңыз.

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы