Get Mystery Box with random crypto!

ЖАРКЫН ЖАШОО

Telegram каналынын логотиби jarkyn_jashoo — ЖАРКЫН ЖАШОО Ж
Telegram каналынын логотиби jarkyn_jashoo — ЖАРКЫН ЖАШОО
Канал дареги: @jarkyn_jashoo
Категориялар: Балага кам көрүү
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 1.75K
Каналдан сүрөттөмө

❤️жан дуйноно азык,
📚оз алдынча инсандык онугуу,
💃 аялдык бакыт жана
👨‍👩‍👧‍👦уй-булолук мамилелерди жонго салуу боюнча баалуу маалыматтарды бекер алыныздар.
🎯Жаркын жашоого биз менен жет!
Суроолор боюнча @Cholponomurbaikyzy кайрылыныз

Ratings & Reviews

4.50

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

1

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар

2022-07-05 14:02:05 Эркек баланын төрөлүшү көп энергияны талап кылат. Эгерде ата-энелер толук комфортто жашашса, аларда кыз көп төрөлөт. Тескеринче кыйналып, жетишпеген шартта жашашса, ал үй-бүлөдө уулдар төрөлөт.
Илимпоздор согуш алдында эркектер көп төрөлөөрүн байкашкан . Жарык дүйнөгө келе электе эле эркектер келечекти мыкты сезип, кыйынчылыктарга даяр болушат экен.

Эгерде үй-бүлөдө аял лидер болсо уул көп төрөлөт, эркек лидер болсо кыз көп төрөлөт дейт изилдөөчүлөр. Аялдарды басынткан үйдө кыздар көп төрөлсө, эркекти сыйлабаган үйдө эркектер көп төрөлөт.
Профессор, илимдин докторлорунун үй-бүлөсүндө кыздар көп жарыкка келет.

Эгерде эркек уулду болгусу келсе аялын лидер кылып, анын күчтүү болуусуна уруксат бериш керек. Анткени уулдар энергиясы күчтүү аялдан кана жаралат.
Ошондо сиздин уулдарыңыз көппү же кыздарыңызбы? Жогорудагы ойго кошуласызбы?

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
2.2K viewsCholpon Omurbaeva, 11:02
Ачык / Комментарий
2022-07-05 14:02:03
Фото от Чолпон Омурбаева
2.0K viewsCholpon Omurbaeva, 11:02
Ачык / Комментарий
2022-07-01 15:38:38 "Мен сүйүктүүмүн!" курсуна 2 эле күн калды.

Учурда сиздин түгөйүңүз жок же жолдошуңуз менен мамиле начар болуп, жумушуңуз жүрүшпөй жана акчаңыздын берекеси көрүнбөй жатса, сөзсүз бул окууга келиңиз.

Бул курста 10 сабак өтүлөт:
Эркектер жөнүндө терс ойлорду аныктайбыз жана жок кылабыз.
Түгөй жөнүндө позитивдүү программа иштеп чыгабыз.
Кудайдан түгөйдү туура сурайбыз.
Мамилени туура түзгөндү үйрөнөбүз.
Жалгыздыктын, бактысыз жашоонун түпкү себептерин түбү менен жоёбуз.
Эркектин энергиясын азайтабыз.
Аялдын энергиясын көтөрүү жолдорун үйрөнөбүз.
Аялдын эмоцияларын, сезимдерин жөнгө салабыз.
Сүйүү эрежелерин өздөштүрөбүз.
Подсознание менен келишим түзөбүз.

Ар бир сабак медитация жана практикалык көнүгүүлөр менен коштолот. Медитация учурунда вибрациялар көтөрүлүп, көнүгүүлөр аркылуу ичиңердеги эски негатив программалар жаңы позитивдүү программага айлана баштайт. Эркекке болгон мамиле оңолгондо акча берекесин берет. Эркек дагы, акча дагы сизди сүйүп баштайт

Өткөндө кыздар менен кошо өзүм көнүгүүлөрдү аткарып жатып, мен дагы сонун результат алдым: курс бүтөөрү менен жакшы жумушка орноштум, айлыгымды жогору кылып беришти, айланамдагы адамдардан комплименттер тынбай келүүдө, өзгөчө жолдошум сылык болуп өзгөрдү, жашоого болгон сүйүүм, ыраазычылыгым күчөдү.

Ким ушундай өзгөрүүлөрдү кааласа, мени менен байланышыңыздар. Курстун баасы 1000 сом, сабактар сакталат. Башталышы 4-июль.

Ватсап 0701080276, Чолпон Өмүрбай кызы
2.4K viewsCholpon Omurbaeva, 12:38
Ачык / Комментарий
2022-07-01 15:38:29
1.9K viewsCholpon Omurbaeva, 12:38
Ачык / Комментарий
2022-06-28 09:45:51
2.2K viewsCholpon Omurbaeva, 06:45
Ачык / Комментарий
2022-06-28 04:22:02 Идиште эмне толуп турса , ошол төгүлөт. Таттуу ширин толуп турса, чайпасаң таттуу ширин төгүлөт, ачуу шарап толуп турса, шарап кана төгүлөт.
Адам дагы толуп турган идиш сыяктуу. Ичинде эмне көп болсо, ошол гана төгүлөт. Кокустан көчөдөн бирөө жөөлөп кетсе же маршруткадан бутуңарды басып алса биринчи кандай реакция кыласыз? Жубайыңыз же балдарыңыз туура эмес сүйлөп алса, оозуңуздан кандай сөздөр атып чыгат? Эгер дароо жинденип урушуп кирсеңиз, анда сизде агрессия толтура, ал ташып баштаганын сезиңиз.
Кээ бир адамдар жылмайып кана коёт, түшүнүү менен кабыл алат, атайын кылбаганын көрө билет. Демек ал адам жакшы сезимдерге - боорукерликке, адамгерчиликке, мээримге толгон десек болот.

Жаш официанттар кафе, ресторанда сизге кокус бир нерсе төгүп алса,
бирөө бутуңузду басып же жөөлөп кетсе жылмайып кана коюңуз. Балаңыз туура эмес сүйлөп алса же сындырып алса, бекем кучактаңыз. Эсиңизде болсун, сиздин биринчи реакцияңыз ичиңизде эмне толуп турганын билдирет.
Баарыңарда ушундай жагдайлар албетте болгон, сизди далай эле кокусунан "чайпашса" керек. Эми чын айтсаңыз, ошондо сизден эмнелер "төгүлдү" болду экен? Пикир калтырыңыз.

Даярдаган Чолпон Өмүрбай кызы
2.2K viewsCholpon Omurbaeva, edited  01:22
Ачык / Комментарий
2022-06-28 04:21:42
Толуп турган идиш чайпалганда...
1.8K viewsCholpon Omurbaeva, 01:21
Ачык / Комментарий
2022-06-27 09:50:44
Аял өзү сүйсө - алсыз,
Бирок аны сүйсө - ал баарынан күчтүү!


Кыргыздар жакындарына дайыма ден соолук, узун өмүр каалашат. Сүйүү каалайм деп айтуу биз үчүн жат нерсе.
Бирок мен бүгүн сиздерге баарыңарга СҮЙҮҮ каалагым келип жатат. Анткени сүйүктүү айымдын ден соолугу дайыма мыкты, өмүрү узун, жашоосу кызыктуу болот.

"Мен сүйүктүүмүн!" курсу 4-июлда башталат. Биз менен Ааламга сүйүү чачканды үйрөнүңүз
1.8K viewsCholpon Omurbaeva, 06:50
Ачык / Комментарий
2022-06-26 14:39:19 Ар бир кыз турмушка чыгаарда жолдошум мени бактылуу кылат, мени сыйлап турат, жардам берет, белектерди берип барктайт, коргоп алат деп кыялданат.
Бирок 80% бул кыялдар ишке ашпайт. Анткени кыз турмушка чыкканга чейин өзүнүн ичинде кандай программа болгон болсо, ошону гана ишке ашырат. Өзүнүн үйүнөн бактылуу айымды көрүп чоңойгон кыз кийин сөзсүз бактылуу боло алат.

Кичинесинен ыйлаган, токмок жеген, басмырланган энесин көргөн кыз кийин ушул эле тагдырды кайталайт. Анткени ал бактылуу аял кандай болооруна түшүнүгү жок чоңойот.
Кичинекей балдар, өзгөчө кыздар үчүн үй-бүлө - бул бүтүндөй Аалам. Үй-бүлөсүндө кандай көрүнүштөр болсо, ошону жашоо программасы кылып сиңирип алат. Эгерде кичинесинен ичкен, сөгүнгөн, кол көтөргөн эркекти көрүп чоңойсо, эркектин баары начар турбайбы деген программа орнойт. Ошого жараша ал кыздын жашоосунда жалаң ушундай эркектер жолуга берет.

Бул программаны "Мен сүйүктүүмүн!" курсунда толугу менен алмаштырабыз. Кичинекей кезде калыптанган түшүнүктөрдү өзгөртмөйүнчө , эски программа иштей берет. Мындан сырткары бул программа кыздарыңызга өтпөсүн десеңиз, анда сөзсүз "Мен сүйүктүүмүн"! курсума жазылыңыз.
Баасы бүгүнтөн баштап 800 сом болду.
Суроолор болсо 0701080276 номерине кайрылыңыздар
1.7K viewsCholpon Omurbaeva, 11:39
Ачык / Комментарий
2022-06-22 09:40:30
2.0K viewsCholpon Omurbaeva, 06:40
Ачык / Комментарий