Get Mystery Box with random crypto!

Жалкоолуктан кантип арылса болот? Жалкоолук ар бир адамга ж | ☘️🌹 "ХАНБИЙКЕ" кыздарды өнүктүрүү борбору🌹☘️

Жалкоолуктан кантип арылса болот?

Жалкоолук ар бир адамга жакындан тааныш. Андан арылуунун жолун издеп колубуздан келген амалды жасайбыз, бирок көп учурда ага жеңилип беребиз.

Эмне себептен жалкоо болобуз, кантип жеңсек болот ?

Бир күндүк пландын, максаттын жоктугу.

Адамда эртеңки күнүнө планы жок болсо, кыла турган иши чаржайыт болсо жалкоолук пайда болот

Кантип арылуу керек?
Күн сайын кечинде күн бою кылган ишиңизди (кичинекей болсо да) мээңизге тизмелеп чыгыңыз.

Энергиянын аздыгы же жоктугу Адамдын физикалык, психологиялык жактан энергиясы аз болсо бул да жалкоолукка бир себеп.

Ал үчүн:
Ойгонгондо дароо сырттан таза аба жутканга аракет кылыңыз. 5-10 мүнөт таза аба жутканда мээге кычкылтек барып, ал денени башкарат. Мээни дагы жакшыртуу үчүн 5-10 мүнөт китеп окуса жакшы жардам берет. Ал эми 2-3 мүнөт жеңил көнүгүү жасаганда денеде зат алмашуу процесси башталат.

Планды, максатты тактык менен түзүү

Көп адамдар колунан келбеген, кереги жок пландарды алдына коюп алат. Жалпы жонунан “бутка туруш керек” же “ден соолукту оңдош керек эле” деген божомолдуу пландар жалкоолукка жол ачат. Түшүнүксүз пландар –түшүнүксүз кыймылдарга алып келет.

Так планды кантип түзүү керек?

Так план коюш үчүн биринчи өзүңүздү тааныңыз, эмне каалап атканыңызды, муктаждыктарыңызды аныктоо керек. Ал үчүн ички үнүңүздү укканды үйрөнүңүз. Сизди өстүрүп аткан кандай жакшы сапаттарыңыз бар экенин, ошол эле учурда кандай адаттарыңыз артка тартып турат тизмелеп чыгыңыз. Жаман адаттардан арылып, жакшы сапаттарды көбөйтсөңүз жалкоолуктан арыла аласыз.

Уйку
Жалкоолуктун дагы бир себеби — уйку. Адамдын уйкусу 8 сааттан кем болсо иш жөндөмдүүлүгү төмөндөйт деген жалкоолукка жол ача турган шылтоолордун бири. Эгер адам кааласа 5-6 саат уктап деле иш кылса болот

Уйкуну кантип жөнгө салуу керек?

Уйкуңузду жөнгө салыңыз
Эрте жатып , эрте турганга аракет кылыңыз. 5 сатты уйку эң жакшы уйку режими.

#жалкоолуктанкантипарылуукерек
#жалкоолук
#эсалуу #плантүзүү #жалкоолуктанарылуунунжолдору

@hanbyike_centre
@hanbyike_centre
@hanbyike_centre