Get Mystery Box with random crypto!

КЫЗДАР КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК? Албетте,кыз дегенде эле назиктик | ☘️🌹 "ХАНБИЙКЕ" кыздарды өнүктүрүү борбору🌹☘️

КЫЗДАР КАНДАЙ БОЛУШ КЕРЕК?

Албетте,кыз дегенде эле назиктикти, сулуулукту, мээримдикти элестетебиз

• Биринчи эле кезекте кыз мээримдүү болуусу керек.Анткени кыз болочоктогу эне. Энелер мээримдүү болбосо ,апасынан жылуулугун көрбөгөн балдар зөөкүр болуп чыккан учурлар көп кездешип жатат. Азыркы учурдан баштап мээримдүү болгонго үйрөнөлү. Чыныгы мээрим энеде гана болот.

• Кыз назик ,сулуу болушу керек. Кыздар балдардан назиктиги,сулуулугу менен айырмаланып турат.Эгерде өзүнө кам көрсө кыз сөзсүз түрдө назик, сулуу болот. Сулуу эмес кыз болбойт, өзүнө карабаган гана кыз болот.

• Кыз билимдүү болушу керек.Анткени өзүңдө билим жок болсо,балдарына кантип билим бере алат.Кыз келечектеги апа,тарбиялоочу. Ошондуктан билимди сөзсүз түрдө алыш керек.

• Кыз тыкан ,таза болушу керек. Таза дегенде сырткы кийими эле эмес ,ички жан дүйнөсү ,сүйлөгөн сөзү ,кылган жумуштары адал болуусу шарт. Үйдө дайыма таза тыкан карашы керек. "Кыздын үйүндө кыл жатпайт."


• Кыз уяттуу ,ыймандуу болушу керек." Уят- өлүмдөн каттуу" деген макалга таянсак, уят болгондон көрү, өлгөн артык. Өзүңөрдүн намысыңарды бек сактагыла. Ыйманын күн-күнгө күчөтүп туруу керек.

• Кыз тили кыска ,этегин узун болушу керек! Сүйлөгөндө назик, акырын сүйлөп , ата-эненсине каяша айтышпаганды үйрөнүү керек. Бул тили узундук жакшылыкка алып барбайт. Узун кийинүү керек , уяттуу жерлерин жаба тургандай кылып . Ошону менен анын уятту , ыймандуу экенин билинет.


Дагы кыздар кандай болуш керек?
Жаза кеттиңиздер ...

#кыздегенким
#кызкандайболушкерек
#ыйман