2021-03-23 17:05:39
А сиз азап тартууну сүйөсүзбү?
Бул суроо туралуу акыркы күндөрү аябай көп ойлончу болдум. Бул да жөндөн жөн келип калган жок, өзүм да кече эле бираз азап тартып калдым. Албетте, бул жерде эч таң калыштын кереги жок, анткени ар бир адам эле убагы менен азап тартып турат.
⠀
Башыман өткөн азап тартууларым туралуу ой чаптырып көрсөм, ар учурда ар башка нерселерден азап тартыпмын: кээде акчам аздыгынан болсо, кээде тил табыша албай ар ким менен мушташып таяк жесем, кээде сүйүү жана мамиле түзө албай жаман болгом, кээде жакындарың ооруп калып ж.б.у.с. Эң таң калычтуусу алардын арасында баары жакшы туруп, эч бир себеби жок эле маанайым чөгүп жабыр тарткан да учурлар болгон. Бул суроону тереңирээк изилдеп көрсөм, бул жөн гана табигый процесс көрүнөт: жыл мезгилдери алмашкандай эле, маанайыбыз дагы убагы менен бир чөгүп, бир көтөрүлүп турушу керек окшойт. Анткени кечке эле баары жакшы боло берсе биз эмне болот элек? Тура,
биз бактылуулуктун баркын билбей, аны таптакыр сезбей калмакпыз. Эч кандай кыйынчылык болбосо адамдын өсүүсү да токтоп калмак. Суукка учурап адамдар өлбөгөндө, балким дагы деле тери жамынып үңкүрлөрдө жашап жүрөт белек? Ачкадан жабыр тартпаганда, азыркыдай завод-фабрикалар салынат беле?
⠀
Азап тарткан учурларыма кайтып келсем, ар биринде өзүмө суроолорду узатчымын:
Кыйынчылыктан кантип чыгып кетем? Кантип бул кайра башыма түшпөгөндөй кылам? Деги эле ар бир азап тартууда терең ой жүгүртүп, өзүмдү бүгүнкүдөн дагы да мыктыраак кылганга чоң аракет жумшап, дагы жакшыраак иштеп, чоң максаттарга умтулчумун. Жана албетте, аракетиң текке кетбейт, азап тартуудан кийин сөзсүз бактылуу учурлар да күттүрбөйт! Анткени караңгы түндөн кийин сөзсүз таң атып күн чыгат!
⠀
Бул ой жүгүртүүлөрдөн кийин кыйынчылыктарга мамилем такыр өзгөрдү. Мурун болушунча кыйынчылктардан качып кутулганга аракет жасасам, эми тескери бактылуулукка көнбөй атайын өзүмө кыйынчылыктарды табуу туралуу ойлонуп калдым.
Албетте, кыйынчылык, бул атайын барып 5 этаждан секирүү, же мазохисттик ойлор эмес - жөн гана көбүрөөк иштеп, өзүм көтөрө албайм деп санаган иштерди мойнума алуу.
2.3K viewsErkebek Abdrakhman uulu, 14:05